Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-апрели № 79
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
59-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
«9) жыйырма жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына.».
2-берене
«Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Свободные горы» гезитине 1-тиркеме, 1992-жылдын августу) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) он үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Запаска же курагы, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскарышы же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча отставкага чыккан жана 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына, ошондой эле аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон же каза болгон аскер кызматчысынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жашап жаткан тандаган жери боюнча алар ээлеген же аларга берилген кызматтык квартиралар жеке менчикке акысыз өткөрүп берилет.»;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
«20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчылары аларга берилген кызматтык квартираларды тикелей сатуу жолу менен менчиктештирүүгө укуктуу.».
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 32 (3585) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |