МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Миң-Булак айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 21-февралы №2
Бириккен Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасын орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жобону жетекчиликке алып, Миң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасын орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21-февралындагы протоколу бекитилсин.
2. Давузова Мариям Юнуровна жана Асаналиев Нурбек Бекташович бириккен Миң-Булак айылдык кеңешинин шайланган төрагасынын орун басарлары деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Кеңештин төрагасы | Б.К.Саркулов |