Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-апрели № 190
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 «Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Электр энергиясынын тартыштыгынын шарттарында керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен жабдуу, ошондой эле электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында, «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 «Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
- Орто мөөнөттүү тарифтик саясатка 1-тиркеменин «2024-ж.01.06.» графасында «2024-ж.01.06.» деген цифралар «2024-ж.01.05.» деген цифраларга алмаштырылсын;
- Орто мөөнөттүү тарифтик саясатка 2-тиркеменин «2024-ж.01.06.» графасында «2024-ж.01.06.» деген цифралар «2024-ж.01.05.» деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 32 (3585) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ