Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-марты № 131
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоонун айрым маселелери жөнүндө
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдин формасы 1-тиркемеге ылайык;
2) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди толтуруу тартиби 2-тиркемеге ылайык;
3) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуу тартиби жана мөөнөттөрү 3-тиркемеге ылайык;
4) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимдин формасы 4-тиркемеге ылайык;
5) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимди толтуруу тартиби 5-тиркемеге ылайык;
6) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимди кабыл алуу тартиби жана мөөнөттөрү 6-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 16-тиркеменин "Б" формасы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Форма
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө ЧЕЧИМ
1. Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын аталышы | 2. Декларанттын толук аталышы же аты-жөнү | |
3. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин каттоо номери | 4. Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күн | |
5. Товардын аталышы | 6. ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын он орундуу классификациялык коду | |
7. Товарды классификациялоо үчүн зарыл маалыматтар | ||
8. Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуунун негиздемеси 1) Чечим ТЭИ ТН интерпретациясынын негизги эрежелерине ылайык кабыл алынды ___________________ 2) _____________-жылдагы № _______________ корутунду 3) Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнү жүргүзүүнүн жыйынтыктары 4) Бажылык текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыктары | ||
9. Кызматтык белгилер үчүн 1) Бажы органы тарабынан ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын туура эмес классификациялык коду табылган документтин (товарларга декларация же бажы декларациясы катары колдонулган башка документ) № _____________, товардын № _____________ 2) ЕАЭБ ТЭИ ТН ылайык товардын билдирилген коду _________________ 3) Бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү актысы, _____________-жылдын "____" ____________ № _____________ 4) Бажылык текшерүү актысы _____________-жылдын "____" ____________ № _____________ 5) Кошумча барактардын саны ____________ 6) Тиркемелердин саны __________________ 7) Товарды классификациялоо жөнүндө мурда кабыл алынган чечимдин реквизиттери 8) Башка белгилер | ||
10. Бажы органынын кызмат адамдарынын кол тамгалары | ||
__________________________ | __________________ | _________________________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
__________________________ | __________________ | _________________________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
| 2-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди толтуруу ТАРТИБИ
1. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечим (товарды классификациялоо жөнүндө чечим) төмөнкүдөй тартипте толтурулат.
2. "Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын аталышы" 1-пунктунда бажы органынын толук аталышы көрсөтүлөт.
3. "Декларанттын толук аталышы же аты-жөнү" 2-пунктунда декларант жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак (юридикалык жак болуп саналбаган уюм) үчүн -кыска (кыскартылган) же толук аталышы, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (мындан ары - СИН), жайгашкан жери;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган жеке жак үчүн (мындан ары - жеке ишкер) - аты-жөнү, СИН, анын жашаган жери (администрациялык-аймактык бирдик (регион, облус, район), калктуу конуш, көчө (бульвар, проспект), үйдүн, корпустун (курулуштун), батирдин (бөлмөнүн, кеңсенин) номери жана байланыш реквизиттери (байланыш түрүнүн аталышы (телефон, факс, электрондук почта) жана байланыш каналынын идентификатору (телефон, факс, электрондук почтанын дареги);
3) жеке ишкер болуп саналбаган жеке жак үчүн - аты-жөнү, СИН, идентификациялык номери жана анын жашаган жери (администрациялык-аймактык бирдик (регион, облус, район), калктуу конуш, көчө (бульвар, проспект), үйдүн, корпустун (курулманын), батирдин (бөлмөнүн, кеңсенин) номери, ким экендигин ырастоочу документ жөнүндө маалыматтар (документтин аталышы, дүйнө өлкөлөрүнүн классификаторуна ылайык ыйгарым укуктуу органы тарабынан ким экендигин ырастоочу документ берилген өлкөнүн (региондун же өлкөнүн бөлүгүнүн) коду, документтин сериясы жана номери (боштук аркылуу), документтин кк.аа.жжжж (күн, ай, календардык жыл) форматында берилген күнү жана байланыш реквизиттери (байланыш түрүнүн аталышы (телефон, факс, электрондук почта) жана байланыш каналынын идентификатору (телефондун, факстын номерлери, электрондук почтанын дареги).
4. "Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди каттоо номери" 3-пунктунда. Товарларга декларациянын формасы жана толтуруу тартиби Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 "Товарларга декларациянын формасы жана аны толтуруу тартиби жөнүндө" чечими менен бекитилген. Товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууда, товардын декларациясында товар туура эмес классификациялангандыгы аныкталган учурда товардын декларациясында ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин каттоо номери төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:
ТКЧ - ХХХХХХХХ-YY/ZZZZZZ,
мында:
ТКЧ - "товарды классификациялоо жөнүндө чечим" аббревиатурасы;
ХХХХХХХХ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын коду;
ҮҮ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган жылдын акыркы сандары;
ZZZZZZ - товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин катар номери.
1) Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 263 "Товарларга декларация катары транспорттук (ташуучу), коммерциялык жана (же) башка документтерди пайдалануунун тартиби жөнүндө" чечимине ылайык жазуу жүзүндөгү арызды (мындан ары - арыз) же товарлардын тизмесин берүү менен товарларга декларация катары транспорттук (ташуучу), коммерциялык жана (же) башка документтерди пайдалануу менен декларацияланган товардын туура эмес классификациясы аныкталган учурда товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууда ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин каттоо номери "3" тамгасы менен толукталып, төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:
ТКЧ - XXXXXXXX-YY/ZZZZZZЗ,
мында:
ТКЧ - "товарды классификациялоо жөнүндө чечим" аббревиатурасы;
ХХХХХХХХ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын коду;
ҮY - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган жылдын акыркы сандары;
ZZZZZZ - товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин катар номери.
З - арыз боюнча товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуунун белгиси.
2) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 28-августундагы № 142 "Жүк ташуучу тарабынан экспресс-жүк катары товарларга декларацияны пайдалануу менен жеткирилген товарларды бажылык декларациялоо жөнүндө" чечими менен формасы бекитилген экспресс-жүктөр үчүн товарлардын декларациясында (мындан ары - экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларация) товардын туура эмес классификациясы аныкталган учурда товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууда ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдин каттоо номери "Э" тамгасы менен толукталып, төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:
ТКЧ - XXXXXXXX-YY/ZZZZZZЭ,
мында:
ТКЧ - "товарды классификациялоо жөнүндө чечим" аббревиатурасы;
ХХХХХХХХ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын коду;
ҮҮ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган жылдын акыркы сандары;
ZZZZZZ - товардын классификациясы жөнүндө чечимдин катар номери.
Э - экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларация боюнча товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуунун белгиси.
3) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 16-октябрындагы № 158 "Жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясын пайдалануу менен экспресс-жүк катары ташуучу тарабынан жеткирилген жеке пайдалануу үчүн товарларды бажылык декларациялоо жөнүндө" чечими менен формасы бекитилген экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчү бажы декларацияда (мындан ары - экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчү бажы декларациясы) товардын туура эмес классификациясы аныкталган учурда товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууда ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдин каттоо номери "П" тамгасы менен толукталып, төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:
ТКЧ - XXXXXXXX-YY/ZZZZZZП,
мында:
ТКЧ - "товарды классификациялоо жөнүндө чечим" аббревиатурасы;
ХХХХХХХХ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын коду;
ҮҮ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган жылдын акыркы сандары;
ZZZZZZ - товардын классификациясы жөнүндө чечимдин катар номери;
П - экспресс жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясы боюнча товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуунун белгиси.
4) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун тартибинин жана мөөнөттөрүнүн (мындан ары - тартип) 4-пунктунда каралган учурларда товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алууда, ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдин каттоо номери "Д" тамгасы менен толукталып, төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:
ТКЧ - XXXXXXXX-YY/ZZZZZZД,
мында:
ТКЧ - "товарды классификациялоо жөнүндө чечим" аббревиатурасы;
ХХХХХХХХ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын коду;
ҮҮ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган жылдын акыркы сандары;
ZZZZZZ - товардын классификациясы жөнүндө чечимдин катар номери;
Д - бир нече бажы декларациялары боюнча товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуунун белгиси.
5) Тартиптин 4-пунктунда каралган учурда экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларацияда, арызда же экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясында декларацияланган товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алууда "З", "Э" жана "П" тамгаларынын ордуна "Д" тамгасы көрсөтүлөт.
Товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдердин катар номери ар бир календардык жылдын бирдигинен башталат.
5. "Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күнү" 4-пунктунда товарды классификациялоо жөнүндө чечимге бажы органынын жетекчиси (жетекчисинин орун басары) же мындай чечимди кабыл алууга бажы органынын жетекчиси ыйгарым укук берген кызмат адамы (мындан ары - ыйгарым укуктуу кызмат адамдары) тарабынан кк.аа.жжжж (күн, ай, календардык жыл) форматында кол коюлган күнү көрсөтүлөт.
6. "Товардын аталышы" 5-пунктунда товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган бажы декларациясында (товарларга декларациянын 31-графасында, арызда, экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларациянын (жүргүнчүлүк бажы декларациясынын) "товарлар жөнүндө маалыматтар" графасынын 7-тилкесинде) билдирилген товардын аталышы (соодалык, коммерциялык же башка салттуу аталышы) көрсөтүлөт.
Эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун натыйжасында эки же андан көп товардын ордуна бирөө түзүлсө, Кыргыз Республикасынын бажылык укуктук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларга ылайык товарларга декларацияда (транзиттик декларацияны кошпогондо) же товарларга декларация катары колдонулуучу башка документтерде (товарларга декларация, арыз, экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларация, экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчү бажы декларациясы) (мындан ары - ТД) ЕАЭБ ТЭИ ТН коду өзгөртүлүүчү катары менен биринчи товардын аталышы көрсөтүлөт.
7. "ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын он орундуу классификациялык коду" 6-пунктунда ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын он орундуу оңдолгон коду көрсөтүлөт (санариптик белгилөөнүн 4 жана 5, 6 жана 7, 9 жана 10 белгилеринин ортосундагы боштуктар менен киргизилет: ХХХХ XX XXX X).
Экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларация боюнча декларацияланган товарды классификациялоодо (экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясы) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын оңдолгон коду экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларациянын (экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясы) "Товарлар жөнүндө маалыматтар" графасынын 8-тилкесинде көрсөтүлгөн белгилердин санынан кем эмес деңгээлде, ал эми арыз боюнча товарларды бажылык декларациялоодо - арызда көрсөтүлгөн белгилердин санынан кем эмес деңгээлде көрсөтүлөт.
Эгерде товарды классификациялоо Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин (мындан ары - Кодекс) 20-беренесинин 3-пунктун эске алуу менен жүзөгө ашырылса, ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын оңдолгон коду классификациялык белгилерге таасир этүүчү товардын мүнөздөмөлөрү жөнүндө болгон маалыматтарга негизденүү менен биринчи 4 белгиден кем эмес деңгээлде көрсөтүлөт (санариптик белгилөөнүн 4 жана 5, 6 жана 7 белгилеринин ортосундагы боштуктар менен киргизилет: ХХХХ XX XXX).
8. "Товарды классификациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтар" 7-пунктунда товардын сыпаттамасы, ошондой эле аны идентификациялоо үчүн зарыл болгон жана ЕАЭБ ТЭИ ТНдин тиешелүү кодунда классификацияга таасир этүүчү маалыматтар көрсөтүлөт.
Тартиптин 4-пунктунда каралган учурларда товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууда товарларды ЕАЭБ ТЭИ ТНдин бир кодунда классификациялоого жана аларды бажы максаттары үчүн идентификациялоого мүмкүндүк берген негизги мүнөздөмөлөргө ээ болгон товардын ар кандай маркаларын, моделдерин, артикулдарын, модификацияларын көрсөтүү менен товардын бир аталышы көрсөтүлөт.
Эгерде товарды классификациялоо Кодекстин 20-беренесинин 3-пунктун эске алуу менен ишке ашырылса, анда бажы органында товардын мүнөздөмөлөрү, алардын аталыштары жөнүндө кайсы маалыматтар же товарды 10 белги деңгээлинде классификациялоо үчүн зарыл болгон башка маалымаггар жок экендиги жөнүндө кошумча маалымат көрсөтүлөт.
9. "Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуунун негиздемеси" 8-пунктунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт.
1) 1-пунктчада ЕАЭБ ТЭИ ТН интерпретациялоонун негизги эрежелери көрсөтүлөт, аларга ылайык товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган;
2) эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун негиздемеси экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгы болуп саналса, 2-пунктчада "(эксперттик уюмдун аталышы) кк.аа.жжжж (күн, ай, календардык жыл) форматында корутунду чыгарылган дата) № (номери) корутундусу" деген жазуу киргизилет;
3) эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечим Кодекстин 326-беренесине ылайык жүргүзүлгөн бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынса, 3-пунктчада "Бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнүн натыйжалары" деген жазуу киргизилет;
4) эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечим Кодекстин 331-беренесине ылайык жүргүзүлгөн бажы текшерүүсүнүн натыйжалары боюнча кабыл алынса, 4-пунктчада "Бажы текшерүүсүнүн жыйынтыктары" деген жазуу киргизилет.
10. "Кызматтык белгилер үчүн" 9-пунктунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 1-пунктчада ТД боюнча товардын катар номери жана товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган ТД номери көрсөтүлөт.
Товардын бир бөлүгүнө карата гана товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда "№ __________ товардын бөлүгү" деп көрсөтүлөт.
Эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун натыйжасында ТДда эки же андан көп товардын ордуна бирөө түзүлсө, ага карата ЕАЭБ ТЭИ ТН коду өзгөргөн ТДда катары менен биринчи товардын номери көрсөтүлөт.
Мында "Башка белгилер" 9-пунктунун 8-пунктчасында ТД номерин, ЕАЭБ ТЭИ ТН коддорун жана товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган ТДдагы бардык товарлардын сыпаттамаларын көрсөтүү менен товарлардын номерлери көрсөтүлөт.
Тартиптин 4-пунктунда каралган учурда товарды (товардын бөлүгү) классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууда товарлар тизме менен көрсөтүлөт жана жазуунун катар номери (X.) ыйгарылат - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган ТД боюнча товардын (товардын бөлүгүнүн) номери жана ТД номери:
1. № ____________ товар (товардын бөлүгү) № ____________ товарга декларация боюнча
2. № ____________ товар (товардын бөлүгү) № ____________ товарга декларация боюнча
3. № ____________ товар (товардын бөлүгү) № ____________ товарга декларация боюнча
2) 2-пунктчада декларант тарабынан ТДда билдирилген ЕАЭБ ТЭИ ТН коду көрсөтүлөт.
Эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун натыйжасында эки же андан көп товардын ордуна бирөө түзүлсө, ага карата ЕАЭБ ТЭИ ТН коду өзгөргөн ТДда катары менен биринчи товардын ЕАЭБ ТЭИ ТН билдирилген коду көрсөтүлөт.
3) эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечим Кодекстин 326-беренесине ылайык жүргүзүлгөн бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнүн натыйжалары боюнча кабыл алынса, 3-пунктчада "Бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү боюнча __________ жылдын "___" __________ № ____________ акт" деген жазуу киргизилет;
4) эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечим Кодекстин 331-статьясына ылайык жүргүзүлгөн бажы текшерүүсүнүн натыйжалары боюнча кабыл алынса, 4-пунктчада "Бажы текшерүүсү боюнча _________ жылдын "___" __________ № ____________ акт" деген жазуу киргизилет;
5) 5-пунктчада кошумча барактардын саны көрсөтүлөт (алар жок болсо "0" коюлат);
6) 6-пунктчада тиркемелердин саны көрсөтүлөт (алар жок болсо "0" коюлат);
7) эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечим Кодекстин 326-беренесине ылайык жүргүзүлгөн бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, же Кодекстин 331-беренесине ылайык жүргүзүлгөн бажы текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынса, 7-пунктчада товарды классификациялоо жөнүндө мурда кабыл алынган чечим тууралуу маалымат көрсөтүлөт, ал төмөнкүдөй түрдө колдонулбайт: "Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кк.аа.жжжж № ТКЧ - ХХХХХХХХ-YY/ZZZZZZ ТН ЕАЭБ ТЭИ ХХХХ XX XXX X кодунда" (товардын коду товарды классификациялоо жөнүндө мурда кабыл алынган чечимде көрсөтүлгөн белгилердин санынын деңгээлинде (субпозициянын, подсубпозициянын) көрсөтүлөт);
8) эгерде ТДда билдирилген товар ЕАЭБ ТЭИ ТНдин бир нече коддорунда классификациялангандыгы жөнүндө чечим кабыл алынса, 8-пунктчада товарды классификациялоо жөнүндө чечимдердин реквизиттери же бажы максаттары үчүн зарыл болгон башка маалыматтар көрсөтүлөт.
Эгерде товардын коду ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык Кодекстин 20-беренесинин 3-пунктун эске алуу менен аныкталса, көрсөтүлгөн пунктчада "Товарларды бирдиктүү ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык классификациялоо Кодекстин 20-беренесинин 3-пунктуна ылайык ишке ашырылган" деген жазуу киргизилет.
11. "Бажы органынын кызмат адамынын кол тамгасы" 10-пунктунда товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын кызмат адамдарынын (бажы органынын башчысы жана аткаруучу) кызмат орду, колу, аты-жөнү көрсөтүлөт.
12. Эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин кайсы бир пунктунда бажы максаттары үчүн зарыл болгон маалыматтарды толтуруу үчүн орун жетишсиз болсо, аларды кошумча баракта көрсөтүүгө жол берилет. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин тиешелүү пунктунда "кошумча баракты карагыла" деген жазуу киргизилет. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин кошумча барагына: "Товарды классификациялоо жөнүндө __________ жылдын "___" __________ № ____________ чечимге № _____________ кошумча барагы" деген жазуу киргизилет, пункттун номери коюлат жана бул пунктта билдирилген маалыматтар көрсөтүлөт.
Кошумча барактар товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана товарды классификациялоо жөнүндө чечим менен кошо берилиши керек.
Кошумча баракта товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кызмат орду, кол тамгасы, аты-жөнү көрсөтүлөт.
13. Эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн товарды идентификациялоо максаттары үчүн классификацияга таасир этүүчү товардын тышкы түрү (фотосүрөттөр, жарнама проспекти, чиймелер, схемалар ж.б.) жөнүндө маалымат зарыл болсо, бул маалымат товарды классификациялоо жөнүндө чечимге тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
Товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдин тиркемесинде "товарларды классификация жөнүндө __________ жылдын "___" __________ № ____________ чечимге № _____________ тиркеменин барагы" деген жазуу киргизилет, ошондой эле товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кызмат орду, кол тамгасы, аты-жөнү көрсөтүлөт.
|
| 3-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуу ТАРТИБИ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуу тартиби жана мөөнөттөрү (мындан ары - Тартип) товар чыгарылганга чейин жана (же) кийин бажы контролунун натыйжалары боюнча бажы органы тарабынан ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарды классификациялоо жөнүндө чечимдерди (мындан ары - товарды классификациялоо жөнүндө чечим) кабыл алуунун эрежелерин жана мөөнөттөрүн аныктайт.
2. Товарды классификациялоо жөнүндө чечим бажы органынын начальниги (мындан ары - ыйгарым укуктуу кызмат адамы) тарабынан кабыл алынат.
3. Товарды классификациялоо жөнүндө чечим төмөнкү учурларда кабыл алынат:
товар чыгарылганга чейин - бажынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан;
товар чыгарылгандан кийин - бажынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан (бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү аяктаган, ошондой эле Кодекстин 325-беренесине ылайык товарлар чыгарылганга чейин башталган жана Кодекстин 119-беренесинде белгиленген товарларды чыгаруу мөөнөттөрүндө бүтпөгөн мындай текшерүүнүн алкагында жүргүзүлгөн бажы экспертизасынын натыйжалары алынган учурда.
Товарды классификациялоо жөнүндө чечим товарларга бир декларация боюнча (Транзиттик декларацияны кошпогондо) же белгилүү бир марканы, моделди, артикулду жана модификацияны камтыган, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларга ылайык товарларга декларация катары пайдаланылган башка документ боюнча билдирилген товарлардын ар бир аталышына кабыл алынат.
Товарды классификациялоо жөнүндө чечим товарды классификациялоо жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн ТДда алар тууралуу маалыматтар билдирилген товарга карата гана колдонулат.
Товарлар ар кандай маркаларга, моделдерге, артикулдарга, модификацияларга, бирок бир аталышка ээ болгон, ошондой эле товарларды ЕАЭБ ТЭИ ТНдин бир кодуна классификациялоого мүмкүндүк берген негизги мүнөздөмөлөргө ээ болгон, ал эми сыпаттамасы аларды бажы максаттары үчүн бирдей мааниде идентификациялоого мүмкүндүк берген учурларда, товарды классификациялоо жөнүндө бир чечим кабыл алынат, анда товардын ар кандай маркаларын, моделдерин, артикулдардын, модификацияларын көрсөтүү менен товардын бир аталышы көрсөтүлөт.
4. Ар кандай ТДларда декларацияланган товарларды классификациялоонун тууралыгын текшерүүдө алар чыгарылгандан кийин товарларды ЕАЭБ ТЭИ ТНдин бир кодуна классификациялоого мүмкүндүк берген негизги мүнөздөмөлөргө ээ болгон товардын ар кандай маркаларын, моделдерин, артикулдарын, модификацияларын көрсөтүү менен бир аталыштагы товарларга карата товарды классификациялоо жөнүндө бир чечим кабыл алууга жана аларды тышкы экономикалык бүтүм жасалгандыгын ырастаган бир документ боюнча (кайра иштетүү продукттарын бажылык декларациялоодо товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө бир документ боюнча) же бир тараптуу тышкы экономикалык бүтүм боюнча же кандайдыр бир бүтүм жасабастан милдеттенмелерди аткаруунун алкагында ар кандай ДТ боюнча бир декларант тарабынан бир бажы органына декларацияланган, бажы максаттары үчүн бир тараптуу идентификациялоого жол берилет.
Товарды классификациялоо жөнүндө мындай чечим товарга карата бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларын, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, ички рынокту коргоо чараларын колдонууга таасир этпеген учурларда кабыл алынат.
5. Бажы органдары товарларды классификациялоонун тууралыгын контролдоодо, ошондой эле товарлар чыгарылганга чейин жана (же) кийин товарды классификациялоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда:
1) товарларды классификациялоонун тууралыгын ЕАЭБ ТЭИ ТН ИНЭдеги ТДда билдирилген маалыматтардын, товарларды бажылык декларациялоодо жана (же) товарлар чыгарылгандан кийин бажы контролун жүргүзүүдө берилген документтердин жана маалыматтардын, бажы органынын карамагында болгон башка булактардын негизинде контролдойт, ошондой эле товарларды идентификациялоо жана классификациялоо максатында ТДда билдирилген маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун контролдойт;
2) Кодекстин 23-26-беренелерине ылайык кабыл алынган товарды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечим болгон учурда ТДда билдирилген товар жөнүндө маалыматтардын мындай алдын ала чечимде көрсөтүлгөн товар жөнүндө маалыматтарга шайкештигин текшерүүнү жүзөгө ашырат;
3) Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу куралбаган жана ажыратылган түрдө, анын ичинде комплекттелбеген же бүтпөгөн түрдө өткөрүлүүчү, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-29-беренелеринде аныкталган тартипке ылайык кабыл алынган белгиленген убакыттын мезгили ичинде ар кандай товардык партиялар менен ташып кирүү же ташып чыгуу болжолдонгон товарды классификациялоо жөнүндө чечим болгон учурда, ТДда билдирилген товар жөнүндө маалыматтардын көрсөтүлгөн чечимде болгон маалыматтарга шайкештигин текшерүүнү жүзөгө ашырат.
6. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууда ар кандай маалымат булактары, анын ичинде төмөнкүлөр изилденүүгө тийиш:
- товардык позициялардын, субпозициялардын, подсубпозициялардын тексттери, бөлүмдөргө, топторго, товардык позицияларга, субпозицияларга эскертүүлөр, ЕАЭБ ТЭИ ТН ИНЭ жоболору;
- Дүйнөлүк бажы уюмунун Товарларды сыпаттоонун жана код берүүнүн шайкештелген системасынын алфавиттик көрсөткүчү;
- Дүйнөлүк бажы уюмунун товарларды классификациялоо маселелери боюнча сессияларынын материалдары;
- ЕАЭБ ТЭИ ТНге түшүндүрмөлөр;
- эл аралык стандарттар;
- улуттук стандарттар, регламенттер, техникалык шарттар;
- макулдашуулар, анын ичинде моторлуу транспорт каражаттарын, алардын түйүндөрүн жана агрегаттарын өнер жайлык чогултуу боюнча макулдашуулар;
- товардын максаттуу пайдаланылышын ырастоочу документтер;
- товардын сыпаттамасы;
- ТЭИ ТН ИНЭге ылайык товарга негизги касиет берген материалды же курамдык бөлүктү аныктоо жана бул критерий каралып жаткан учурда колдонуларын аныктоо үчүн көп компоненттүү товардын сыпаттамасы;
- ЕАЭБ ТЭИ ТН ИНЭге ылайык товарга негизги касиет берген курамдык бөлүктү аныктоо жана бул критерий каралып жаткан учурда колдонуларын аныктоо үчүн топтомдордо берилген товарлар;
- ТЭИ ТН ИНЭ 2а ылайык товарларды классификациялоо мүмкүндүгүн аныктоо үчүн комплекттелбеген же бүтпөгөн түрдө же куралбаган же ажыратылган түрдө берилген товарлар: технологиялык схемалар жана алардын сыпаттамасы, анын ичинде моторлуу транспорт каражаттарын өнөр жайлык чогултуу боюнча, аларга ылайык товарлар Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетилет (иштетилет); спецификация; фотосүрөттөр жана сүрөттөр; товардын мүнөздөмөлөрү; товардын сандык жана сапаттык курамы; чиймелер, технологиялык схемалар; товарды колдонуу чөйрөсү; товарды таңгактоо ыкмалары жана түрлөрү; эксперттик уюмдардын корутундулары; Дүйнөлүк бажы уюмунун чечимдеринин электрондук базасы; Евразия экономикалык комиссиясынын расмий сайтында жарыяланган товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдер; Евразия экономикалык комиссиясынын товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдери жана түшүндүрмөлөр.
2-глава. Товарлар чыгарылганга чейин товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуунун тартиби
7. Товарлар чыгарылганга чейин товарларды классификациялоонун тууралыгын текшерүүдө ТДда билдирилген жана (же) бажы органына берилген документтерде камтылган маалыматтарды, анын ичинде бир документте камтылган маалыматтарды башка документтерде камтылган маалыматтар менен, анын ичинде маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн алкагында бажы органдары колдонгон маалыматтык системалардан жана (же) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) маалыматтык системаларынан, текшерүү жүргүзүү учурунда бажы органынын карамагында болгон башка булактардан алынган маалыматтар менен өз ара салыштырууда, бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларга жана (же) Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык башка ыкмалар менен текшерүү жүргүзүлөт.
8. Бажылык декларациялоодо товарларды туура эмес классификациялоо аныкталган учурда ыйгарым укуктуу кызмат адамы товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алат.
9. Товар чыгарылганга чейин товардын классификациясы туура эмес же билдирилген маалыматтар талаптагыдай ырасталбагандыгын көрсөткөн белгилер аныкталган учурда ыйгарым укуктуу кызмат адамы Кодекстин 325-беренесине ылайык товар чыгарылганга чейин бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнү жүргүзөт.
10. Эгерде бажы операцияларын жүргүзүүдө товарды классификациялоо жөнүндө келип чыккан суроолорду түшүндүрүү үчүн атайын жана (же) илимий билимдер талап кылынса, ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан Кодекстин 53-главасында белгиленген тартипте товардын бажы экспертизасы дайындалат.
11. ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын кодун аныктоого мүмкүндүк берген жана билдирилген маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун ырастаган маалыматтарды камтыган суралган документтерди, маалыматтарды жана (же) бажы экспертизасынын жыйынтыктарын алгандан кийин бажы органы Кодекстин 118-беренесине ылайык товарларды чыгарат же туура эмес классификация аныкталган учурда ыйгарым укуктуу кызмат адамы товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алат.
Товарды классификациялоо жөнүндө чечим басып чыгарылат, ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кол коюлат жана товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен декларантка почта байланышы аркылуу кагаз жүзүндө жөнөтүлөт же аны алуу фактысын ырастоого мүмкүндүк берүүчү башка ыкма менен берилет.
12. Эгерде товарларды чыгарууга чейин башталган бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү Кодекстин 119-беренесинде белгиленген товарларды чыгаруу мөөнөттөрүндө аяктабаса же болбосо товарлар чыгарылганга чейин дайындалган бажы экспертизасынын натыйжалары алынбаса жана мындай товарларды чыгаруу Кодекстин 121, 122-беренелеринде белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык жүргүзүлсө, анда ыйгарым укуктуу кызмат адамы декларант тарабынан ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товардын кодун аныктоого мүмкүндүк берүүчү жана билдирилген маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун ырастоочу кошумча документтер, маалыматтар берилген жана (же) бажы экспертизасынын натыйжалары берилген күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнү аяктайт же туура эмес классификация аныкталган учурда товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алат.
Товарды классификациялоо жөнүндө чечим басып чыгарылат, ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кол коюлат жана товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен декларантка почта байланышы аркылуу кагаз жүзүндө жөнөтүлөт же аны алуу фактысын ырастоого мүмкүндүк берүүчү башка ыкма менен берилет.
3-глава. Товарлар чыгарылгандан кийин товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуунун тартиби
13. Товарлар чыгарылгандан кийин классификациялоонун тууралыгын текшерүү бажы декларациясына, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу документтерге, бажы декларациясында билдирилген жана (же) бажы органдарына берилген документтерде камтылган, Кодекстин 326-беренесине ылайык товарлар чыгарылгандан кийин башталган маалыматтарга карата бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү жүргүзүүдө же Кодекстин 331-333-беренелерине ылайык бажылык текшерүүдө жүзөгө ашырылат.
14. Эгерде бажы декларациясына, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу документтерге, бажы декларациясында билдирилген жана (же) бажы органдарына берилген документтерде камтылган, товарлар чыгарылгандан кийин башталган маалыматтарга карата бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнүн же бажылык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча товарларды ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык туура эмес классификациялоо аныкталса, анда бажы, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнү же бажылык текшерүүнү жүргүзгөн бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынат.
|
| 4-тиркеме |
Форма
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу ЧЕЧИМ
1. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алган бажы органынын аталышы | 2. Декларанттын толук аталышы же аты-жөнү | |
3. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимдин каттоо номери | 4. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынган күн | |
5. Товардын аталышы | ||
| ||
6. ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө __________ жылдын "___" __________ № ____________ чечимге төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилет: | ||
Товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдин ___________ пунктунда ______________ ордуна ______________ кабыл алуу зарыл | ||
7. Бажы органынын кызмат адамдарынын кол тамгалары | ||
________________________ | ______________________ | _________________________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
________________________ | ______________________ | _________________________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
| 5-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимди толтуруу ТАРТИБИ
1. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товарлардык номенклатурасына (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим төмөнкүдөй толтурулат.
2. "Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алган бажы органынын аталышы" 1-пунктунда бажы органынын толук аталышы көрсөтүлөт.
3. "Декларанттын толук аталышы же болбосо аты-жөнү" 2-пунктунда декларант жөнүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак (юридикалык жак болуп саналбаган уюм) үчүн - салык төлөөчүнүн кыска (кыскартылган) же толук аталышы, идентификациялык номери (мындан ары - ИСН)/коду, административдик-аймактык бирдиктин жайгашкан жери (регион, облус, район), калктуу конуш, көчө (бульвар, проспект), үйдүн, корпустун (курулуштун), батирдин (бөлмөнүн, кеңсенин) номери жана байланыш реквизиттери (байланыш түрүнүн аталышы (телефон, факс, электрондук почта) жана байланыш каналынын идентификатору (телефон, факс, электрондук почтанын дареги);
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган жеке жак үчүн (мындан ары - жеке ишкер) фамилиясы, аты, атасынын аты, ИСН, анын жашаган жери (административдик-аймактык бирдик (регион, облус, район), калктуу конуш, көчө (бульвар, проспект), үйдүн, корпустун (курулуштун), батирдин (бөлмөнүн, кеңсенин) номери жана байланыш реквизиттери (байланыш түрүнүн аталышы (телефон, факс, электрондук почта) жана байланыш каналынын идентификатору (телефон, факс, электрондук почта дареги);
3) жеке ишкер болуп саналбаган жеке жак үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты, ИСН, идентификациялык номери жана анын жашаган жери (администрациялык-аймактык бирдик (регион, облус, район), калктуу конуш, көчө (бульвар, проспект), үйдүн, корпустун (курулуштун), батирдин (бөлмөнүн, кеңсенин) номери, инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ жөнүндө маалыматтар (документтин региондун же өлкөнүн бөлүгүнүн) аталышы, (инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ берген ыйгарым укуктуу орган, документтин сериясы жана номери (боштук аркылуу), кк.аа.жжжж форматында документ берилген дата (күн, ай, календардык жыл) жана байланыш реквизиттери (байланыш түрүнүн аталышы (телефон, факс), электрондук почта) жана байланыш каналынын идентификатору (телефон, факс номерлери, электрондук почта дареги).
4. "Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимдин каттоо номери" 3-пунктунда ЕАЭБ ТЭИ ТН ылайык товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин (мындан ары -товарды классификациялоо жөнүндө чечим) каттоо номери көрсөтүлөт, ага төмөнкүдөй түрдөгү "И" тамгасы менен толукталган өзгөртүүлөр киргизилет ("И" тамгасы товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин каттоо номерин түзүүдө көрсөтүлүүгө тийиш болгон "З", "Э", "П", "Д" тамгаларынын ордуна көрсөтүлөт):
ТКЧ-XXXXXXXX-YY/ZZZZZZИ,
мында:
РКТ - "товарды классификациялоо жөнүндө чечим" аббревиатурасы;
ХХХХХХХХ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын коду;
ҮҮ - товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган жылдын акыркы цифралары;
ZZZZZZ - товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин катар номери;
И - товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү белгиси.
5. "Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынган күн" 4-пунктунда кк.аа.жжжж (күн, ай, календардык жыл) форматындагы товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимге кол коюлган дата көрсөтүлөт.
6. "Товардын аталышы" 5-пунктунда өзгөртүү киргизилип жаткан товарды классификациялоо жөнүндө чечимде берилген товардын аталышы көрсөтүлөт.
7. 6-пунктта өзгөртүү киргизилип жаткан товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин реквизиттери, товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин тиешелүү пунктунда же пунктчасында камтылган бардык маалыматтарды, ошондой эле киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү эске алуу менен ушул маалыматтарды көрсөтүү менен өзгөртүлүүгө тийиш болгон анын пункттарынын номерлери көрсөтүлөт.
ЕАЭБ ТЭИ ТН (3-тиркеме) ылайык Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун мөөнөттөрү жана тартибинин 4-пунктунда каралган учурларда кабыл алынган товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимди кабыл алууда 1-тиркемеде берилген товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин формасынын 1-пунктчасында камтылган маалыматтарга карата жазуунун катар номери көрсөтүлөт (X.), анын астында товарды классификациялоо жөнүндө чечимде товардын номери жана өзгөртүү киргизилип жаткан товарларга декларациянын номери жөнүндө маалымат камтылат.
8. "Бажы органынын кызмат адамынын кол тамгасы" 7-пунктунда товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган бажы органынын кызмат адамдарынын (бажы органынын начальниги жана аткаруучу) кызмат орду, кол тамгасы, аты-жөнү көрсөтүлөт.
9. Эгерде товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимдин кайсы бир пунктунда бажы максаттары үчүн зарыл болгон маалыматтарды толтуруу үчүн орун жетишсиз болсо, аларды кошумча баракта көрсөтүүгө жол берилет. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимдин тиешелүү пунктунда "кошумча баракты карагыла" деген жазуу жазылат.
Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимдин кошумча барагына: "Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу __________ жылдын __________ № ____________ чечимдин № _____________ кошумча барагы" деген жазуу жазылат, пункттун номери коюлат жана бул пунктта билдирилген маалыматтар көрсөтүлөт.
Кошумча барактар товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим менен милдеттүү түрдө кошо берилет.
Кошумча баракта ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кызмат орду, кол тамгасы, аты-жөнү көрсөтүлөт.
|
| 6-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимди кабыл алуу ТАРТИБИ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ
1. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алган бажы органы тарабынан товарды классификациялоо жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн маалыматтарда каталар аныкталган учурда Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарды классификациялоо жөнүндө чечимге (мындан ары - товарды классификациялоо жөнүндө чечим) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык классификациялык кодду өзгөртүү зарылчылыгына таасир этпеген өзгөртүүлөр киргизилет.
2. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимге өзгөртүүлөр киргизилген учурда бажы органынын башчысы тарабынан 4-тиркемеге ылайык форма боюнча ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү жөнүндө чечим (мындан ары - өзгөртүү жөнүндө чечим) кабыл алынат.
3. Эгерде өзгөртүү жөнүндө чечим товарларды чыгаргандан кийин кабыл алынса, өзгөртүү жөнүндө чечим Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 119-беренесинде белгиленген товарларды чыгаруу мөөнөтүндө же каталар аныкталган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
Өзгөртүү жөнүндө кабыл алынган чечимге ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол коёт жана декларантка почта байланышы аркылуу кагаз жүзүндө жөнөтүлөт же болбосо эгерде өзгөртүү жөнүндө чечим товарлар чыгарылгандан кийин кабыл алынса, өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен же ал кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен аны алуу фактысын ырастоого мүмкүндүк берүүчү башка ыкма менен берилет.