Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы

 

2024-жыл 20- февраль №1

 

“Бириктирилген айыл аймактарынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө” 

 

Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүүгө жана региондорду өнүктүрүүгө багытталган пилоттук режимде шаарлардын жана айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүдө жергиликтүү кеңештердин ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 66, 71-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомуна негиз, Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү I-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

  1. Айылдык Кеңештин төрагасын шайлоо боюнча Кеңеш айылдык Кеңешинин эсептөө комиссиясынын жыйынтыгы жактырылсын.
  1. Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагалыгына 38 (отуз сегиз) добуш алып, депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон Канполотов Шергазы Мураталиевич жеңүүчү болуп табылып, төрага болуп шайлансын.
  1. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

.

 

 

Төрага:

 

А.Жоробаев