Сравнение редакций…
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 677 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры № 638
Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 677 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдерди талаптагыдай күтүүнү жана эксплуатациялоону камсыз кылуу максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 61, 62-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Өтүү үчүн жыйым алынуучу автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн тартиби 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-апрелиндеги № 183 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннель аркылуу транспорт каражаттарынын акы төлөп өтүүсүн уюштуруу жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-апрелиндеги № 183 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннель аркылуу транспорт каражаттарынын акы төлөп өтүүсүн уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 154 "Транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлерин бузуу жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча транспорт каражатынын өтүүсү үчүн жыйым алуу жөнүндө маалыматты фото жана видео тартуу/видео жазуу функциялары бар стационардык, атайын техникалык каражаттар менен маалыматтык система объекттерин колдонуу аркылуу автоматтык түрдө берүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 "Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2002-жылдын 8-февралындагы № 609-II "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулуштардан транспорт каражаттарынын өтүшү үчүн жыйымдарды алуунун жана бөлүштүрүүнүн тартибин жана Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулуштардан транспорт каражаттарынын өтүшү үчүн алынуучу жыйымдардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу суралсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Өтүү үчүн жыйым алынуучу автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардын ТИЗМЕГИ
№ | Аталышы | Узундугу (м) | Бийиктиги (м) | Туурасы (м) | Максималдуу жол берилген ылдамдыгы (км/ч) | Эксплуатациялоо мезгили |
1 | Бишкек-Ош автомобиль жолунун 129 км К.Көлбаев атындагы тоннель | 2510 | 6,40 | 6,20 | 60 | 1962-ж. |
2 | Бишкек-Ош автомобиль жолунун 246 км тоннель | 465 | 8 | 7,40 | 40 | 2023-ж. |
3 | Бишкек-Ош автомобиль жолунун 409 км тоннель | 318 | 7,45 | 8,5 | 40 | 1981-ж. |
4 | Бишкек-Ош автомобиль жолунун 410 км тоннель | 355 | 7,65 | 8,5 | 40 | 1981-ж. |
5 | Бишкек-Ош автомобиль жолунун 427 км тоннель | 694 | 7,55 | 8,4 | 40 | 1981-ж. |
6 | Бишкек-Ош автомобиль жолунун 455 км тоннель | 260 | 7 | 10,6 | 40 | 1981-ж. |
|
| 2-тиркеме |
"Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн ӨЛЧӨМДӨРҮ

№ | Категория (ТК) | Автотранспорттун түрү | Транспорт каражаттарынын өтүү наркы (сом) | |
Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин* мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен | Чет өлкөлүк, транзиттик мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен | |||
1 | М1 | Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашпаган оруну бар транспорт каражаттары - жеңил транспорт каражаттары | 50 | 200 |
2 | М2 | Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 т ашпаган транспорт каражаттары | 100 | 1000 |
N1 Т5 | Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т ашпаган транспорт каражаттары. Дөңгөлөктүү тракторлор | 100 | 1000 | |
3 | M3 | Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 т ашкан транспорт каражаттары | 150 | 1500 |
N2 | Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т ашкан, бирок 12 т ашпаган транспорт каражаттары | 150 | 1500 | |
4 | N3 | Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 т ашкан транспорт каражаттары | 250 | 3000 |
5 | N3O3 | Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 т ашкан транспорт каражаттары. Техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т жогору, бирок 10 т ашпаган чиркегичтер | 500 | 5000 |
T4.2 | Максималдуу эсептик ылдамдыгы 40 км/сааттан ашпаган, олуттуу өлчөмдөрү менен мүнөздөлгөн жана чоң айыл чарба аянттарын иштетүү үчүн атайын арналган жазысы кең тракторлор (комбайндар) | 500 | 5000 | |
6 | N3O4 | Жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 т ашкан транспорт каражаттары. Техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 10 т ашкан чиркегичтер | 500 | 5000 |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен транспорт каражаттары - бул Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын транспорт каражаттары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 134 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ