ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттарынын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 20/2
Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2023-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө
Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин төрагасы Т. Токтомушовдун 2023-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин 2023-жылга карата бюджетинин көлөмү 1 930 000-00 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү бекитилсин.
3. Чолпон айыл өкмөтүндөгү ар бир мал үчүн; уй, жылкы, тай, эшек 100-00 сом, топоздор үчүн 200-00 сом, торпокторго 70-00 сом, кой, эчкиге 20-00 сом өлчөмүндө жайыт салыгы бекитилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |