Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттарынын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
2023-жылдын 10-марты № 21/1
Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (ИСКАКБ), Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА), тазалык жана Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесин (ЖПБ) айыл өкмөт астындагы муниципалдык ишканасынын 2023-жыл үчүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн кароо жана бекитүү жөнүндө
Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (ИСКАКБ), Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА), тазалык жана Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесин (ЖПБ) айыл өкмөт астындагы муниципалдык ишканасынын 2023-жыл үчүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн кароо жана бекитүү тууралуу Т. Токтомушовдунбилдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (ИСКАКБ), Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА), тазалык жана Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесин (ЖПБ) айыл өкмөт астындагы муниципалдык ишканасынын 2023-жыл үчүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү бекитилсин.
2. Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (ИСКАКБ), Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА), тазалык жана Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесин (ЖПБ) айыл өкмөт астындагы муниципалдык ишканасынын толук кандуу иштерди жүргүзүү, акыларды өз убагында чогултуу, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү жагы муниципалдык ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековго тапшырылсын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |