Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 167
Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта), 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун киргизүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун берүү ушул паспорттордун бланктары аяктаганга чейин жүргүзүлөт;
2) Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторунун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторунун бланктары аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта), 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун берүү жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта), 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун жекелештирүүгө ыйгарым укук берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жободо:
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) - Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ. ID-карта Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде колдонулат;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту - Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, Кыргыз Республикасына(н) кирүүгө/чыгууга укук берүүчү, тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ.".
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларында:
- 8-пунктунун 1, 4-пунктчаларындагы "2017-жылдын үлгүсүндөгү" деген сөздөр алып салынсын.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине айрым мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-октябрындагы 467 "Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү жана жеке идентификациялык номерди ыйгаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы -паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161 "Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1 -пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын аймагында калкты каттоо чөйрөсүндө санариптик документтерди киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өздөрүнүн компетенцияларынын алкагында ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүшсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 30 (3583) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |