КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXXV сессиясы
2024-жыл 19-февраль №1
“Кеңеш” айыл өкмөтү мекемеси,“ Талдуу-Булак” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө.”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 “Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө”токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XXXV-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. “Кенеш айыл өкмөтү” мекемеси жана “Талдуу-Булак айыл өкмөтү” мекемеси бириктирүү жолу менен “Кеңеш айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
- Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Кеңеш” айыл өкмөтү мекемесинин башчысы М.Алкадыровго жүктөлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Төрага: |
Ш.М.Канполотов |