Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын XXVIII чакырылышынын 9-сессиясы
2022-жылдын 30-июну № 28-9-2
Кабак айыл аймагы жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун Кызматташтык жөнүндө макулдашуусун бекитүү тууралуу
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун Кызматташтык жөнүндө макулдашуусун карап жана талкуулап, Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү” программасынын алкагында Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн Кызматташтык жөнүндө макулдашуусу бекитилсин.
2. Жогорудагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун максаттарына жетүү үчүн аракеттерди көрүү жана ишке ашыруу Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Абдыралиев |