Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын XXVIII чакырылышынын 11-сессиясы
2022-жылдын 14-cентябры № 28-11-1
Кабак айыл аймагы боюнча биринчи Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» №284 Жарлыгы менен аныкталган 2022-жылдын 25-ноябрында өтүүчү биринчи Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө маселени карап, айылдык Кеӊештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Кабак айыл айылдык Кенешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:
1. Кабак айыл аймагы боюнча жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы саны 40 адамдан түзүлсүн;
2. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кабак айыл аймагы 1-тиркемеге ылайык тиешелүү аймактарга бөлүнсүн;
3. Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин Календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин;
4. Жергиликтүү курултайлардын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеӊештин депутаттарынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык бекитилсин;
5. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча 11 адамдан турган жумушчу тобунун курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин;
6. Дайындалган делегаттардын жергиликтүү курултайы 5-тиркемеге ылайык өткөрүлсүн;
7. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Абдыралиев |
Кабак айыл аймагынын
айылдык Кеӊешинин 14.09.2022-жылдагы №28-11-1 токтомуна №1 тиркеме
Кабак айыл аймагынын калктуу конуштарын бөлүктөргө бөлүү ченемдери
Жооптуу катчынын м.у.а: _______________________________ Д. Акылбек уулу
Кабак айыл аймагынын
айылдык Кеӊешинин 14.09.2022-жылдагы №28-11-1 токтомуна №2 тиркеме
Жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери
№ | Жыйындарды өткөрүү орду | Ѳткөрүү убактысы | Делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери | Жооптуулар |
1 | Табылгыты айылы К. Абдыжапаров көчөсү Ч. Алыжапаровдун үйүнүн жанындагы аянтта | 17.10.2022-ж Саат 10-00 дө | 10 делегат 7 эркек 3 аял | Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ |
2 | Кызыл-Коргон айылы Айыл өкмөттүн имаратында | 17.10.2022-ж Саат 15-00 дө | 15 делегат 10 эркек 5 аял | Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ |
3 | Сары-Булуң айылы К. Абдиев көчөсү Д. Жусубалиевдин үйүнүн жанындагы аянтта | 18.10.2022-ж Саат 10-00 дө
| 5 делегат 3 эркек 2 аял | Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ |
4 | Кең-Суу айылы О. Борушев көчөсү Т. Стахановдун үйүнүн жанындагы аянтта | 19.10.2022-ж Саат 10-00дө | 2 делегат 1 эркек 1 аял | Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ |
5 | Котур-Суу, Таалга айылдары Кызыл-Октябрь орто мектебинде | 19.10.2022-ж Саат 15-00дө | 8 делегат 5 эркек 3 аял | Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ |
Жооптуу катчынын м.у.а: _______________________________ Д. Акылбек уулу
Кабак айыл аймагынын
айылдык Кеӊешинин 14.09.2022-жылдагы №28-11-1 токтомуна №3 тиркеме
Жергиликтүү курултайлардын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеӊештин депуттаттарынын тизмеси:
1. К. Бекин уулу – Табылгыты айылы боюнча жооптуу
2. Э. Эсенбек уулу – Кызыл-Коргон айылы боюнча жооптуу
3. С. Айылчиева – Сары-Булуң айылы боюнча жооптуу
4. Г. Нааматбекова – Кең-Суу айылы боюнча жооптуу
5. Ж. Кулов – Котур-Суу, Таалга айылдары боюнча жооптуу
Жооптуу катчынын м.у.а: _______________________________ Д. Акылбек уулу
Кабак айыл аймагынын
айылдык Кеӊешинин 14.09.2022-жылдагы №28-11-1 токтомуна №4 тиркеме
Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы:
Жооптуу катчынын м.у.а: _______________________________ Д. Акылбек уулу
Кабак айыл аймагынын
айылдык Кеӊешинин 14.09.2022-жылдагы №28-11-1 токтомуна №5 тиркеме
Кабак айыл аймагында Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү
Графиги
№ | Айыл аймак | Жыйын өтүүчү жер | Убактысы | Жооптуулар |
1 | Кабак айыл аймагы | Айыл өкмөтүнүн жыйындар залында | 05.11.2022-ж Саат 10:00 | Жергиликтүү кеӊештин депутаттары, жумушту топ |
Жооптуу катчынын м.у.а: _______________________________ Д. Акылбек уулу