Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын XXVIII чакырылышынын 12-сессиясы
2022-жылдын 18-ноябры № 28-12-1
Эксковатордун ордуна берилген Бишкек шаарындагы Власов №12а дарегинде жайгашкан турак үйдү жер тилкеси менен муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын жана айыл тургундарынын сунуштарын жана Табылгыты айылынын тургуну Самсалиев Расул Өскөналиевичтин кайрылуусунун негизинде, Кабак айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттары угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Бишкек шаарындагы Самсалиев Расул Өскөналиевичке тиешелүү, Власов көчөсүндөгү №12а дарегинде жайгашкан, бирдейлештирилген коду 1-02-07-0019-0159, пайдалуу аянты 64,1 чарчы метр, жалпы аянты 455,0 чарчы метр турак үй Кабак айыл аймагынынмуниципалдык менчигине кайтарымсыз, акысыз алынсын.
2. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтү Эрлан Качкын уулуна аталган турак жайды муниципалдык менчикке өткөрүп алуу иштери жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Абдыралиев |