Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-апрели № 189
2022-жылдын 20-майында кол коюлган 1995-жылдын 3-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жалпы илимий-технологиялык мейкиндигин түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылдын 20-майында кол коюлган 1995-жылдын 3-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жалпы илимий-технологиялык мейкиндигин түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аталган Протоколду ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-апрелиндеги № 32 (3585) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |