Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын XXVIII чакырылышынын 12-сессиясы
2022-жылдын 18-ноябры № 28-12-3
Кызыл-Коргон айылындагы хоккей аянтчасынын айланасын жакшыртуу долбоорунун өздүк салымына акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин кирешелер бөлүгүнөн үнөмдөлгөн акча каражаты жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтү 2022-жылдагы бюджетинин кирешелер бөлүгүнөн үнөмдөлгөн акча каражатын Кабак айыл аймагына караштуу Кызыл-Коргон айылындагы хоккей аянтчасынын айланасын жакшыртууга дем берүүчү гранттын өздүк салымы үчүн 729 068 (жети жүз жыйырма тогуз миң алтымыш сегиз) сом бөлүп берет.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Абдыралиев |