ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 10-августу № 99/ХXVII-28
Эркин калдыктын эсебинен ачылган чыгымдардын сметасы жөнүндө
"Жылдын башында 18983,8 миң сом суммасында болгон бюджеттик эсепкалдык боюнча 01.01.2023-жылга карата эркин калдыктан чыгымдардын сметасын ачуу боюнча ФЭБнүн башчысы З. Б. Акаеванын маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып.
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Негизги эсеп боюнча бош калдыкты бекитүү:
· Новопокровка айылдагы №4 башталгыч мектебинин ачылышына
байланыштуу жана окуу процессин баштоого акча каражат бөлүнүа берилсин:
- 70921 «Орто билим берүү-жалпы билим берүү программалары» бөлүмү, 2222 «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» беренеси боюнча, канцелярдык товарларды жана чарбалык буюмдарды сатып алууга - 130,0 миң сом.
· № 2 Н.С. Баранов атындагы орто мектебинин аймагында күзөт кызматын
уюштурууга 2225-беренеси «Күзөт кызматтарын сатып алуу» - 500,0 миң сом; 3112 «Башка механизмдерди жана жабдууларды алуу» беренеси боюнча откана үчүн мотор сатып алуу – 103,3 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик туруктуу комиссиясына жана ФЭОнун башчысы З. Б. Акаевага жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы |
К.М. Жонгучкаев |