Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын 19–сессиясы
2023-жылдын 28-марты № 1
Казан-Куйган айыл аймагынын 2018-2023-жылдар үчүн стратегиялык өнүктүрүү планына кошумча киргизүү жөнүндө
Казан-Куйган айыл аймагынын 2018-2023-жылдарга стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүү киргизүү тууралуу угуп жана талкуулап.
токтом кылат:
1. Казан-Куйган айыл аймагынын 2018-2023-жылдарга стратегиялык өнүгүү планына “Кичи футбол аянтчасын” куруу долбоору кошумча киргизилсин
2. Казан-Куйган айыл аймагынын 2018-2023-жылдарга стратегиялык өнүгүү планына Казан-Куйган айылындагы «Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу» долбоору кошумча киргизилсин.
3. Бекитилген стратегиялык долбоорду ишке ашыруу боюнча айыл аймактын айыл өкмөтү, мекеме-ишкана жетекчилери зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Шаарбек уулу Бекназар |