Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXXVII сессиясы
2024-жыл 19-апрель №47/1
«Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2024 жылдын 3 апрелиндеги №46/6 токтомунун 3 пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 16.04.2024 жылдын № 1-12/617 кайрылуу катынын негизинде шаардык кеңештин 2024 жылдын 3 апрелиндеги № 46/6 токтомунун 3 пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз XXXXVII сессиясы токтом кылат:
1.Көк-Жаңгак шаарынын Октябрдын 40 жылдыгы Бульвары көчөсүндөгү №5 жайгашкан муниципалдык 0,4275 га жер тилкесинен жумушчу проектинин негизинде такталган 0,145 га жер тилкесин жаңы заманбап спорт комплекс куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2.Иш кагаздарын тактап муниципалдык менчигинин реестрине киргизүү жагы муниципалдык менчик департаментинин башкы адиси Р.Талиповго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри Замирбек уулу Сыргака милдеттендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасынын орун басары |
Н.Мамбетов |