КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын 20–сессиясы
2023-жылдын 19-апрели № 1
Казан-Куйган айыл аймагынын 2023- жылга жыл башында калган 917 614 (тогуз жүз он жети миң алты жүз он төрт ) миң сом акча акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
токтом кылат:
1. Башкаруу аппаратына:
а) Казан-Куйган айыл аймагына “Кичи футбол аянтчасын” куруу үчүн документтерин бүтүрүүгө 45 000 (кырк беш мин ) сом акча каржаты каралсын.
б) Казан-Куйган айыл аймагында0,40 га жерди жашылдандыруу үчүн жер катмарын
түздөөгө күйүүчү май алууга 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты каралсын.
в) Казан-Куйган айылын жана 0,40 га жерди жашылдандырууга Токой чарбасынан
бак- дарак алууга 100 000 (жүз миң) сом акча каржаты бөлүнсүн
г) Кара-Талаа участкасындагы жарандарга таза суусун чыгарууга 2-штук кольцо 5-
мешок цемент алууга 10 000 (он миң) сом акча каражаты которулсун.
д) ККМ аппарат алууга 16 000 (он алты) мин сом акча каражаты каралсын
е) Казан-Куйган айылынын мечитинин (өрт сигналын) койдурууга 30 000 (отуз) миң
сом акча каражаты каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Шаарбек уулу Бекназар |