Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 10-августу  № 101/ХXVII-28

Бөлүмдөн бөлүмгө жылдыруу жөнүндө

“Көчөлөрдү жарыктандырууга багытталган бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнүн эсебинен 2377,9 сом өлчөмүндө бюджеттик каражаттар үнөмдөлгөндүгү” боюнча, ошондой элекичи футбол аянтчасынын тосмосун оңдоо жана жабууну иретке келтирүдөн үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен, үнөмдөлгөн акысыз калдыктар боюнча ФЭБнүн башчысы З. Б. Акаеванын маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып.

Логвиненко айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мектептерге интерактивдүү панелдерди сатып алууга 1917,0 миң сом сметалык ассигнованиеден 70629 «Турак жай-коммуналдык чарба» бөлүмү боюнча “Имараттар жана курулмалар” 3111 беренесинен, 70921 “Орто билим берүү-жалпы билим берүү программалары” бөлүмүнүн “Машиналар жана жабдуулар” 3112 беренесине жылдырылсын.

2. Н.С. Баранов атындагы №2 орто мектептин жаңы имараты үчүн жалюзи сатып алууга 363,0 миң сом сметалык ассигнованиеден 70629 «Турак жай-коммуналдык чарба» бөлүмү боюнча «Имараттар жана курулмалар» 3111 беренесинен, 70921 «Орто билим берүү-жалпы билим берүү программалары» бөлүмүнүн «Учурдагы чарбалык муктаждыктар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу» 2222 беренесине жылдырылсын.

3. Сметалык ассигнованиеден 70629 «Турак жай-коммуналдык чарба» бөлүмү боюнча «Имараттар жана курулмалар» 3111 беренесинен 70823 «Клуб» бөлүмү боюнча «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215 беренесине - 10,0 миң сом жылдырылчын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик туруктуу комиссиясына жана ФЭОнун башчысы З. Б. Акаевага жүктөлсүн.

 

 

Логвиненко айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.М. Жонгучкаев