Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июнундагы № 291 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту (мындан ары - жалпы жарандык паспорт) Кыргыз Республикасынан чыгууга жана Кыргыз Республикасына кирүүгө укук берүүчү, Кыргыз Республикасынын жаранынын анын чегинен тышкары жүргөн учурда ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.
Жалпы жарандык паспорт тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ.
Жалпы жарандык паспорт Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун типтеринин бири болуп саналат.
2. Жалпы жарандык паспорт Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, ал эми анын ээси Кыргыз Республикасынын коргоосуна алынат.
3. Жалпы жарандык паспорт Кыргыз Республикасынын жарандарына курагына карабастан берилет. Арыз ээсинин каалоосу боюнча же колдонуу мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспорттогу виза барактары бүткөнүнө жана чет мамлекеттин жарактуу визасы болгонуна байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспорт берилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июнундагы № 291 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жалпы жарандык паспорт он жылдык мөөнөткө берилет. 16 жашка толо элек балага жалпы жарандык паспорт төмөнкүдөй колдонуу мөөнөттөрү менен таризделет:
- бала төрөлгөн учурдан тартып жана ал бир жашка толгонго чейин - эки жылдык мөөнөткө;
- бир жаштан тартып ал 16 жашка толгонго чейин - беш жылдык мөөнөткө.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда жалпы жарандык паспорттун колдонуу мөөнөтүн узартууга укуктуу.
6. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы жарандык паспорт анын ээси тарабынан жарандык-укуктук, нотариалдык бүтүмдөрдү, банктык операцияларды жүргүзүү үчүн документ катары колдонулбайт.
7. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жок Кыргыз Республикасынын жарандары алардын жалпы жарандык паспортунда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке коюу жөнүндө белгиси болгон учурда же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке коюу жөнүндө маалымкаты болгон учурда, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык-укуктук, нотариалдык бүтүмдөрдү, банктык операцияларды жүргүзө алат.
8. Жалпы жарандык паспортту күрөөгө кабыл алууга жана өткөрүүгө тыюу салынат.
2-глава. Жалпы жарандык паспорттун техникалык мүнөздөмөлөрү
9. Жалпы жарандык паспорт төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) текст түрүндө:
- фамилиясы, аты;
- атасынын аты (болсо жана арыз ээсинин каалоосу боюнча);
- жынысы;
- жарандыгы;
- туулган датасы;
- документтин номери;
- берилген датасы;
- аяктаган датасы;
- туулган жери;
- жарандын идентификациялык жеке номери;
- документти берген органдын коду;
- ээсинин колу;
- ээсинин бетинин ак-кара сүрөтү;
2) машина менен окула турган түрдө - машина менен окула турган зона;
3) электрондук чипте:
- фамилиясы, аты;
- атасынын аты (болсо жана арыз ээсинин каалоосу боюнча);
- жынысы;
- жарандыгы;
- туулган датасы;
- документтин номери;
- берилген датасы;
- аяктаган датасы;
- туулган жери;
- жарандын идентификациялык жеке номери;
- документти берген органдын коду;
- ээсинин колу;
- ээсинин бетинин түстүү санариптик сүрөтү, эки колунун манжаларынын папиллярдык издеринин графикалык түзүлүшү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июнундагы № 291 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Жалпы жарандык паспортко төмөнкү жазуулар жана белгилер киргизилет:
- чет мамлекеттин визасы;
- чек аралык контролдоо-өткөрүү пунктунун мамлекеттик чек арадан өткөндүгү жөнүндө белгиси;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке коюу же консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө белгиси;
- барган өлкөдө жашап турууга уруксаты жөнүндө маалымат;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө белги.