Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын 20–сессиясы
2023-жылдын 19-апрели № 3
Казан-Куйган айыл аймагынын айыл Кеңешинин 2022-жылдын 13-июлундагы №1 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңеши.
токтом кылат:
1. “Казан-Куйган -Таза аймак” мунципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.
Төрага | Шаарбек уулу Бекназар |
Казан-Куйган айылдык Кенешинин
2022-жылдын «22» -июлдагы 10-сессия
№ 1 Токтому менен бекитилген
1.1. «Казан-Куйган- Таза аймак» муниципалдык ишканасынын Уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгып, муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн аныктайт.
1.2. «Казан-Куйган- Таза аймак» муниципалдык ишканасы, өз алдынча эсеби бар,чарбалык муниципалдык ишкана болуп саналат. Негизги милдеттери айлана – чөйрөнү коргоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, кату чарбалык таштандылардысанитардык жактан тазалоо жана айыл аймагынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу.
Муниципалдык ишкананын толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилинде: «Казан-Куйган- Таза аймак» Муниципалдык ишканасы;
расмий тилинде: Муниципальное предприятие «Казан-Куйган- Таза аймак».
Кыскартылган фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилинде: «Казан-Куйган- Таза аймак» МИ;
расмий тилинде: МП «Казан-Куйган- Таза аймак».
1.3. Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик жөнүндө»,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына жана Казан-Куйган айылдык аймагынын Казан-Куйган айылдык Кеңеши тарабынан кабыл алынган жергиликтүү жааматтын уставына, башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Уставка ылайык өз ишмердүүлүгүн алып барат.
1.4. Муниципалдык ишкана мамлекеттик каттоодон өткөндөн баштап, юридикалык жак болуп саналат,анын иш жүргүзүүгө, өзүнүн балансы эсептик жана башка банк мекемелеринде эсеби бар, мамлекеттик тилде жана расмий тилде аталган мөөрү, штампы,эмблемасы жана өзүнүн бланкасы болуусу керек.
1.5. Муниципалдык ишкананын түзүүчүсү болупНарын облусунун, Нарын районунун, ----- айыл аймагынын Айыл Ёкмөтү саналат.
1.6. Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтү «Казан-Куйган- Таза аймак» муниципалдык ишканасынын милдеттерине жоопкерчиликтүү эмес,ошондой эле муниципалдык ишкана –Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн милдеттерине жооп бербейт.
1.7. Чарбалык субьектилер жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде «Казан-Куйган- Таза аймак» ишканасы, Уставда көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштерди алып барууга укуктуу.
1.8. «Казан-Куйган- Таза аймак» муниципалдык ишканасынын структураларынын түзүлүшү же жоюлушу Кыргыз Республикасынын белгиленген тартиптеги мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат.
1.9. «Казан-Куйган- Таза аймак» ишканасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана негизги аткарылуучу милдеттерине жараша профсоюздук уюм түзүлүшү мүмкүн.
1.10. «Казан-Куйган- Таза аймак» муниципалдык ишканасынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын району, Казан-Куйган айылы ---- көчөсү № .
2.1. Муниципалдык ишкананын негизги иштери болуп:
2.1.1. Тазалык багытында:
· Ички жолдорду, тротуарларды, жол чырактарды, көчөнүн түнкүчырактарын, коомдуксанитардыктүйүндөрдү эксплуатациялоо жана кармоо;
· Катуу чарбалык таштандыларды чыгарууну уюштуруу;
· Мектеп, бала-бакчалардын, ооруканалардын жана үйлөрдүн айласындагы таштандылардыжок кылуу жана кайрадаништетипчыгарууга чогултууларды уюштуруу;
· Казан-Куйган айыл аймагындагы санитардык абалын бузуучуларын аныктап, тиешелүү иш кагаздарды түзүү;
· Бекитилген норма жана тартиптин негизинде балансындагы техникалык унаа механизмдери боюнча талаптарды камсыз кылуу жана кармоо.
2.1.2. Ичүүчү суу менен камсыз кылуу багытында:
· Ичүүчү таза суу менен айыл аймагындагы мекеме, ишканаларды жана жергиликтүү калкты камсыз кылуу;
· Санитардык нормаларга жооп бергидей ичүүчү таза суу менен камыз кылуу;
· Суу түтүктөрүн ремонтто жана эксплуатациялоо.
2.1.3. Жарыктандыруу багытында:
2.1.4. Аталган кызматтардан тышкары ишкана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында, айыл чарба багытында техникалык кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.
2.2. Муниципалдык ишкана иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы турбаган иштердин түрлөрүн аткарууга укуктуу.
2.3. Муниципалдык ишканан ар кандай максаттагы аткаруу иштердин түрлөрүн ишке ашырууда, тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына ылайык уруксаат кагазын (лицензия) алуусу талап кылынат.
3.1. Муниципалдык ишкана өзүнун милдеттерин ишке ашырууда, айыл аймагынын айыл өкмөтүнөбаш ийүүсү менен,өзүнүнтөмөнкүлөрдү ишке ашырууга укуктуу:
· белгиленген тартипте юридикалык жана физикалык жактардан таштандыларды чыгаруу үчүн жана ичүүчү таза суу үчүн төлөмдөрдү чогултуп алууга;
· сотто доочу жана жоопкер болууга;
· муниципалдык ишкананын функцияларынын милдеттеринин негизинде жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди түзүүгө;
· муниципалдык ишкананын иштерин аткарууга жарандарды эмгек келишими жана башка жарандык укуктук келишимдердин негизинде ишке алууга;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормасынын негизинде (калькуляция) өзүнчө иштердин түрлөрүн жүргүзүүгө;
· муниципалдык ишкананын керектелүүчүиштеринеылайык, юридикалыкжактарданатайынавто унааларды, күйүүчүмайлардыалууга.
3.2. Муниципалдык ишкананын иши жана эс алуу режими, социалдык камсыздоосу, социалдык коргоосу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын негизинде туураланып жүргүзүлөт.
3.3. Муниципалдык ишкана төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
· ишкананын бекитилген сметанын негизинде, көрсөтүлгөн жүктөлгөн милдеттерин толук аткарууга;
· бардык кызматкерлердин коопсуздугуна, бардык шарттарды түзүп, белгиленген тартиптеалардынден-соолугуна жана эмгектенисүүнөтосколдуктарынжоопкерчилигинеалууга;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген келишимдин негизинде өзүнүн милдеттерин аткарууга;
· муниципалдык ишкананын кызматкерлерине социалдык жактан колдоо көрсөтүү.
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тиешелүү органдаргаотчет берүүгө, белгиленген тартипте салыктарды төлөөгө, эсептердиөз убагында өткөрүүгө.
· кызмат учурунда белгилүү болгон, мамлекеттик кызматтык сырларды чыгарбай жашырууга.
4.1. Муниципалдык ишкананын материалдык-техникалык базасын, аларга бекитилип берилген иш жүргүзүлүүчү чарбасы,негизги өндүрүүчү фондусунун айлануу каражаты, материалдык баалулугу жана каржы булактары түзөт.
4.2. Муниципалдык ишкана, максат кылган иштерди, берилген тапшырмаларды аткарууга жана мүлктү колдонууга укуктуу.
4.3. Муниципалдык ишкана, чарбалык иштерди жүргүзүүгө түзүүчү бекитип берген мүлктөргө кожоюндук кылууга укуктуу.
4.4. Муниципалдык ишкананын негизги каражаттарын, жабдыктар, орнотуулар, аппаратура, унаа, акча каражаттары ж.б. мүлктөрдү түзөт.
4.5. Муниципалдык ишкананын каржы базасы башка эсептик булактардан да түзүлүшүмүмкүн.
4.6. Муниципалдык ишкананын өздүк фондусу, айландыруучу каражаттары жана мүлктөрү, Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн чечими менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбеген жагдайда, соттун чечими менен гана алууга жол берилет.
5.1. Муниципалдык ишкананын башкы органы болуп «Түзүүчү» саналат.
Түзүүчүнүнкомпетенциясына төмөнкүлөр кирет:
· муниципалдык ишкананы түзүүбоюнча суроолор;
· Уставга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдүкиргизүүжана анын түзүлүшүже жоюлушу боюнча суроолоркирет.
5.2. Муниципалдык ишкананын күндөлүк ишин, ишкананын жетекчиси (мүдүрү) жетектейт.
5.3. Муниципалдык ишканасынын жетекчиси “Түзүүчү” тарабынан кызмат ордуна бекитилет жана кызмат ордунан бошотулат.
5.4. Муниципалдык ишканын жетекчиси ишеним кагазы жок эле, ишкананын атынан келишимдерди түзүүгө, анын ичинен эмгек келишимин,ишеним каттарды берүүгө, банктарда эсебин ачууга, каражаттарды бөлүштүрүүгө, бекитилген мыйзамдардын негизинде буйрук берип, буюрууга,кызматкерлерди ишке алууга жана материалдык колдоо көргөзүү укугуна ээ.
5.5. Муниципалдык ишкананын кызматкерлери, адистери кызматка алуусу жана иштен бошотулушу жетекчи аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек келишиминин негизинде жүргүзүлөт.
5.6. Муниципалдык ишкананын түзүмү жана штаттык бирдиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбасаКазан-Куйган айылдык Кеңеши тарабынан бекитилет.
5.7. Муниципалдык ишкананын жеке жана юридикалык жактардан бардык чарбалык иш чөйрөсүндө иштери келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
5.8. Муниципалдык ишкананын жетекчиси Кыргыз республикасынын мыйзамдарынын негизинде кадр маселелерин чечүүгө, тартипти,эмгек төлөмдөрүнүн формасын жана ыкмасын уюштурууга, төлөнүүчү айлык акыга кошумча төлөмдү түзөт,сыйлоолорду аныктайт, иш күнүнүн жана жуманын улануусун,эмгек өргүүсүн жана эс алуу күндөрүн тартип боюнча берүүгө укуктуу.
5.9. Муниципалдык ишкананын каржы жана материалдык активдери, муниципалдык ишкананын түзүүчүсүнүн муниципалдык мүлкү болуп саналат.
6.1. Муниципалдык ишканада түзүүчү тарабынан иштелип чыккан Казан-Куйган айылдык Кеңеши бекитип берген иш планынын негизинде иш жүргүзүлөт.
6.2. Муниципалдык ишкана аткарган иштеринин жыйынтыктарын бухгалтердик эсеби менен жүргүзөт жана статистикалык отчетун Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамдарынын негизинде тапшырат. Ошондой эле:
· Керектелүүчүоперативдикбашкаруугажана жетектөөгө муниципалдык ишкананын түзүлүүсүнүн чарбалыкчөйрөдөгү аткарган иштеринжыйынтыктайтжана маалымдайт.
· Норма жана нормативдик сметанын негизинде каражат колдонулган мүлктөрдүн жүрүүсүнө, эмгек жана каржы ресурстарынын чыгышын текшерүүнү камсызкылат.
· Чарба ичиндеги каржы иштери боюнча туура эмес учурларды тезинен өз убагында чечүүгө, билдирүүгөмилдеттүү.
6.3. Муниципалдык ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү текшерүүчү органдары аркылуу ишке ашырылат.
7.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын негизинде муниципалдык ишкананы кайрадан түзүүсү жана жоюсу түзүүчүнун чечими менен, ошондой эле кокустук учурларда соттун чечими менен жүргүзүлөт.
7.2. Ишкананын жоюлусуна комиссия курамы активдерин баалап, дебитор, кредиторлор менен эсептешип, жоюлуучу балансын түзүп,ишкананын Түзүүчүнүн кароосуна жиберет.
7.3. Муниципалдык ишкана жоюлуп кеткен учурда иштен бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнүп берилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
7.4. Муниципалдык ишкананын түзүлүүсү же жоюлуган датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйрук чыгарган датасы эсептелет.
7.5. Муниципалдык ишкана жоюлгандан кийин, анын тиешелүү жана тиешесиз мүлкү, укуктары жана милдеттери келип чыгуучу юридикалык жакка же түзүүчүгө биригүүгө өткөрүлүп берилүүчү актынын негизинде бөлгүч балансына ылайык берилет.
8.1. Муниципалдык ишкананын Ушул Уставында көрсөтүлбөгөн маселелер Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарынын негизинде жөнгө салынат.
8.2. Ушул Уставдын чегиндеги муниципалдык ишкананын башчысы ыйгарым укугуна ылайык, чыгарылган буйруктар жана башка нормативдик укуктук актылары ушул Уставга майда карама - каршылыктар келип чыкса, ал учурда Устав юридикалык күчкө ээ болот.
Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы К.Усупов