КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын 21–сессиясы
2023-жылдын 24-апрели № 1
2023-жылга карата Казан-Куйган айыл аймагындагы ички тартип эрежелерин киргизүү жөнүндө
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. 1-майдан тарта Казан-Куйган айылында биринчи аңдан баштап ылдый жакты карай корулсун. Корукчунун эмгек акысына ар бир тутундон бир жолу 300 сом өлчөмүндө акча каражаты чогултулуп берилсин. Казан Куйган айылынын ички жана тышкы коругуна Бекбоев Нуртаалай дайындалсын.
2. Айыл ичиндеги ээн баскан субай малдарды, айылдын ички коругу катары каралып жаткандыгына байланыштуу корукчулар көзөмөлгө алсын.
3. 1-майдан баштап Кара-Талаа участкасында корук башталсын. Эмгек акысы учун кайтарылган 1 га жер аянты учун 2 боо чөп же болбосо 2 боо чоптун акча каражаты, арпа-буудай айдалган жер аянты учун 20кг арпа-буудай берилсин. Кара-Талаа участкасынын корукчулары болуп Нурматов Адылбек, Темирбек уулу Адилет дайындалсын.
4. Айдоо аянты катары корулуп жаткан жер аянтына тушкон ар бир мал учун эскертүү менен кой-эчкиге 50сом, музоого 100сом, уй-жылкыга 300 сом, уйур жылкы тушсо 2000 сом айып пул салынсын. Экинчи ирээт түшкөн ар бир мал башына эскертүүсүз; кой-эчкиге 100 сом, музоо 200сом, уй-жылкыга 500 сом, үйүр жылкы түшсө 4000сом өлчөмүндөгү айып пул салынсын жана укук бузуулар жонундо кодексине ылайык иш алып барылсын.
5. Камакка малы түшүп жекече себептер менен албай койсо мал ээсине эскертүү берилип, айып пулу мал ээси тарабынан төлөнүп берилсин. Малын жайып кайтарган ар бир күн үчүн корукчуга 500 сом мал ээси тарабынан төлөнүп берилсин.
6. Казан-Куйган айылында сугат суу менен камсыздоо, тейлоо Казан-Куйган-Таза аймак муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин. Сугарылган 1 га жер үчүн айыл тургундары тарабынан 500 сомдон берилсин.
7. Сугат сууну эртең мененки саат 5:00 дөн, кечки 17:00 гө чейин ылдый жакка үчүнчү аңдан баштап берилсин, 17:00 дөн кийин айыл ичине жана айылдын төмөн жагы алсын. Кезекке турбай өзүм билемдикке салып алган тургундарга ар-бир жолкусуна 500 сомдон айып салынсын. Алынган айыптын бир болугу каналды ондо-тузоо иштерине жумшалсын.
8. Сууну ысырап пайдаланып,ашыкча узак моонотко кармап жаткан, кароосуз таштаган жашоочулар үчүн 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынсын. Бул боюнча козомол суу башчысына милдеттендирилсин.
9. Айыл ичинде канал тазалоого чыкпаган жарандарга чара көрүлсүн.
10. Уйдун бадасы корук башталган күндөн башталсын.Айыл ичине 2 саан уй 1 мингич аттан сырткары субай мал калтырылбасын. Айыл ичинде,ички жайыттарда субай мал калтырылса, ар бир мал башына 3000сом өлчөмүндө айып пул салынсын. Ал эми жайлоого көчүү 05-июнга чейин аяктасын. Белгиленген убакыттан кечигип, кочпой жургон малчыларга айыл өкмөт тарабынан айып пулу салынсын. Бул маалымат ар бир жайлоого көчө турган түтүнгө маалымдалсын. Жайлоодон көчүп келүү, Кара – Талаа участкасында оруп жыйуу өнөктүгү толугу менен аяктагандан кийин көчүп келишсин.Оруп-жыйуу оноктугу толук буто элек мезгилде кочуп келген малчыларга 10000сом өлчөмүндө айып пул салынсын. Бул боюнча айыл өкмөт тарабынан учурунда кошумча маалымдасын.
11. Эгинди жана табигый чөптү тебелеп зыянга учуратса, мал ээсине чыгымды толугу менен төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
Айыл чарба техникаларынын кызмат көрсөтүүсү
Айдалып жургон жерди айдоо | 25 литр май | 1800сом | Казан-Куйган Кара-Талаа |
Жер тырмоо | 10 литр май | 750 сом | Кара-Талаа |
Дың жер айдоо | 30 литр май | 1800 сом |
|
Огород айдоо0,15га | 5 литр май | 300 сом |
|
Себүү | 10 литр май | 750 сом |
|
Чөп чабуу | 10 литр май | 1200 сом |
|
Чөп пресстөө | 10 литр май | 1 боого 9 сом |
|
Чөп тартуу | 45 литр май | 1500 сом | Кара-Талаа |
Чөп тартуу | 5-7-10-литр май | 500 сом | Казан-Куйган |
Арык тартууга 1 га | 3 литр май | 200 сом |
|
| Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн тракторлору |
|
|
Айдалып жургон жер айдоо | 25литр май | 1400сом | Казан-Куйган Кара Талаа |
Дын жер айдоо | 30 литр май | 1600сом | Казан-Куйган Кара-Талаа |
Тырмоо | 10литр май | 600сом | Казан-Куйган Кара-Талаа |
| Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн чоп чабуучу Е-302 техникасы |
|
|
Чоп чабуу | 10литр май | 1000сом | Казан-Куйган Кара-Талаа |
| Экскаватор |
|
|
2м терендикте казуу |
| 1 метр жерди 250 сом |
|
12. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Шаарбек уулу Бекназар |