РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXIII СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2024-жылдын 15-апрели № 1
Айыл чарба жана мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссиясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуу.
Айыл чарба жана мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссиясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматын жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жана мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссиясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |