Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылышынын 2- сессиясы
2023-жылдын 12-июну № 2/4
Кара-Бүргөн айыл аймагынын Кара-Бүргөн айылындагы жана Ак-Тилек жаңы конушундагы айрым көчөлөрдү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Кара-Бүргөн айыл аймагынын Кара-Бүргөн айылынын Жусупбаева Жибек атындагы, Кыдыршаев Токтогул атындагы жана Шербалиева Гүлбаары атындагы көчөлөрүн, Ак-Тилек жаңы конушундагы борбордук көчөнү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын Кара-Бүргөн айылындагы
--- Жусупбаева Жибек атындагы көчөсү узуну 1913 м, туурасы 10м.
--- Кыдыршаев Токтогул атындагы көчөсү узуну 1330м, туурасы 10м
--- Шербалиева Гүлбаары атындагы көчөсү узуну 1421м, туурасы 10м
Ак-Тилек жаңы конушундагы борбордук көчө-узуну 4100м, туурасы12м Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Аталган көчөлөрдү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин өзүмө калтырамын.
Айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Кемелов |