Редакцияот 15.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXIII СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)

2024-жылдын 15-апрели № 4

 Кыргыз Республикасындагы Япониянын элчилигинин жана “Тайвань коомдук кайрымдуулук фондунун” колдоосу менен ишке ашырылуучу тизмесин бекитүү жана өздүк салымын жергиликтүү бюджеттен ажыратып берүү жөнүндө.

 

Раззаков шаарынын мэриясынын Кыргыз Республикасындагы Япониянын элчилигинин жана “Тайвань коомдук кайрымдуулук фондунун” колдоосу менен ишке ашырылуучу тизмесин бекитүүжана өздүк салымын жергиликтүү бюджеттен ажыратып берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХIII  сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.     Кыргыз Республикасындагы Япониянын элчилигинин жана “Тайвань коомдук кайрымдуулук фондунун” колдоосу менен ишке ашырылуучу тизмеситиркемеге ылайык бекитилсин жана өздүк салымы жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин. (Тиркеме тиркелет)

 

2.     Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

Б.Б.Айтемиров

 

 

 

Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын                                                                                                                                                                              кезектеги XXXIII сессиясынын 2024-жылдын                                                                                                                                                                                                                          15-апрелиндеги  №4 токтомуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасындагы Япониянын элчилигинин жана “Тайвань коомдук кайрымдуулук фондунун” колдоосу менен

 ишке ашырылуучу  долбоорлордун

ТИЗМЕСИ

 

 

                        №

Долбоордун аталышы

 

Болжолдуу керектелүүчү каражат (миң сом)

Карыжылоо булагы

Жалпысы

Суралуучу сумма

Жергиликтүү бюджеттен өздүк салым

Өздүк салымдын  %

1

“№1- Гимназия мектеп интернатынын жылытуу системасын реконструкциялоо”

Япониянын элчилиги

1 136 500

1 132 200

4300

0,38

2

“№1- Гимназия мектеп интернатына ажаткана куруу

“Тайвань коомдук кайрымдуулук фонду”

1 108 800

711 200

397 600

35,9

3

“Самат атындагы орто мектебин компьютердик жабдуулар менен камсыздоо”

“Тайвань коомдук кайрымдуулук фонду”

415 100

300 000

115 100

27,7

 

Бардыгы

 

2 660 400

2 143 400

517 000

 

 

 

 

                       

 

Инвестиция тармагы боюнча башкы адис: Хабибуллаев З.