Редакцияот 15.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXIII СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)

2024-жылдын 15-апрели № 5

 Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кызматтык батир куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө.

 

Раззаков шаарынын мэриясынын Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кызматтык батир куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXХIII  сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.    Лейлек РИИБнүн кызматкерлерине кызматтык батир куруу үчүн Лейлек РИИБнө пайдаланууга ажыратылып берилген №8-03-04-1001-5836 сандуу идентификациялык коду менен жер ресурстары кызматынын Сүлүктү-Лейлек филиалында катталган 1300м2 жер тилкесинин түштүк-чыгыш тарабындагы бош жаткан 200м2 жер тилкесин жана Ак-Босого айылында муниципалдык менчикте турган №8-03-04-1007-0168 идентификациалык кодуна катталган 600 чарчы метр жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2.    Раззаков шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 15-мартындагы №1 токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

 

3.    Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин  муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

Б.Б.Айтемиров