Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 2-сентябры № 161
Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167, 2024-жылдын 31-июлундагы № 437, 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүүнү оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жободо:
- 8-пунктунун 9-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- укук коргоо органдарынын акыркы чечиминин же сот органынын күчүнө кирген чечиминин негизинде;";
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 95 саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
У. Марипов |