КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 2-сентябры № 161
Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүүнү оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу уруксаттарды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул Жобо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Калкты каттоо департаментинин жана анын аймактык органдарынын чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап туруу үчүн убактылуу же туруктуу уруксаттарды (мындан ары - жашап туруу үчүн уруксат) берүүгө арыздарды кабыл алуу, тариздөө, берүү жана жокко чыгаруу боюнча ишинин тартибин белгилейт";
- 2-пунктунун биринчи абзацындагы "Департаменттин аймактык органдарына" деген сөздөр "Департаментке же анын аймактык органдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Жашап турууга туруктуу жана убактылуу уруксаттарды берүү Департаментте же Департаменттин аймактык органдарында жүргүзүлөт.
Арыз ээси жашап турууга туруктуу уруксатты алуудан баш тартуу жөнүндө кайрылган учурда Департамент же Департаменттин аймактык органдары жашап турууга убактылуу уруксатты берет.";
- 22-пунктундагы "Департаменттин аймактык органдарына" деген сөздөр "Департаментке же анын аймактык органдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
- 24-пунктундагы "Департаменттин аймактык органдары" деген сөздөр "Департамент же анын аймактык органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 27-пунктундагы "Департаментте" деген сөз "Департаментте же анын аймактык органдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жободо:
- 8-пунктунун 9-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- укук коргоо органдарынын акыркы чечиминин же сот органынын күчүнө кирген чечиминин негизинде;";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жободо:
- 7-пунктундагы:
"а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуунун (алмаштыруунун) себеби;";
"б" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуунун (алмаштыруунун) себеби.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы, преамбуласындагы, 1-пунктундагы "2006-жылдын үлгүсүндөгү" деген сөздөр "2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"ата-эненин биринин жоктугу - ата-эненин бирин ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин болушу, ата-эненин биринин өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн болушу, ата-эненин биринин эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөөсү, ата-эненин бирин дайынсыз жоголду, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин болушу, ата-эненин биринин издөөдө болушу;";
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу органдын чечими менен 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоого документтерди кабыл алуу, тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу боюнча аймактык бөлүмдөрдүн функциялары ыйгарым укуктуу органдын башка мекемелерине жана ишканаларына берилиши мүмкүн.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоо үчүн мамлекеттик алымды, чыгымдарды төлөө арыз ээси тарабынан анкета-арызды тапшырган күндөн тартып он жумуш күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт, буга 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту акы төлөө негизинде шашылыш тартипте даярдоо учурлары кирбейт.
Төлөм тастыкталбаган учурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жана жалпы жарандык паспорт даярдалбайт, ал эми электрондук анкета-арыз кабыл алынган жок деп саналат жана АМСтен алып салынат.";
13-пунктунда:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастаган квитанция - тариздөө үчүн төлөмдү ырастаган, АМСтен көрсөтүлүүчү маалыматтар болбогондо (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).";
- 1-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо;";
14-пунктунда:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастаган квитанция - тариздөө үчүн төлөмдү ырастаган, АМСтен көрсөтүлүүчү маалыматтар болбогондо (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).";
1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) 16 жашка толо элек адам үчүн:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо;
- ата-энеси же ата-энесинин бири (экинчиси болбогон учурда) же 16 жашка толо элек адамдын башка мыйзамдуу өкүлү тарабынан толтурулган жана кол коюлган арыз, анда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт;
- ата-энесинин же ата-энесинин биринин (ата-энесинин бири жок болгон учурда көрсөтүлгөн учурларды ырастаган документтердин күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен) же 16 жашка толо элек адамдын башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору - КБМРде маалыматтар болбогондо;
Эгерде арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет.
16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин/ата-энесинин биринин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн арызын тариздөөгө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде жол берилет, анда жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн арыз берүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгын аныктоого жана 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (ушул пунктчанын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн учурларда) же башка мыйзамдуу өкүлүнүн атынан жалпы жарандык паспортту алууга өтүнүч берүүгө жана даярдалган паспортту алууга ишеним кат боюнча өкүлдүн ыйгарым укугу атайын каралган.
16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин (ата-энесинин биринин) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн арызы болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өз алдынча чыгуусу зарыл болгон учурда, 16 жашка толо элек жаран үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө соттун чечими боюнча уруксат берилиши мүмкүн;";
32-пунктунда:
- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдү ырастаган квитанция - тариздөө үчүн төлөмдү ырастаган, АМСте көрсөтүлгөн маалымат болбогондо (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).";
- 1-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндө) - КБМРде маалыматтар болбогондо;";
- 3-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда);".
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 95 саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
У. Марипов |