Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXXIII СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2024-жылдын 15-апрели № 7
Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын №506 контурунан 0,55 га жер тилкесин, №1046 контурунан 0,4га жер тилкесин жана Ак-Босого айылынын түштүк тарабындагы №144-контурундагы 5,0га иштеп жаткан көрүстөндөрдү жайыт жерлерин “Айыл чарба багытыгдагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына, Голбо айылынын күн батыш тарабынан №823 контурунан 0,40га жер тилкесин жана №745 контурундагы 0,2га жайыт жер тилкелери, Раззаков-Баткен автожолунун оң тарабындагы №561 контурундагы 0,25га жер тилкеси башка жерлер (прочий) категориясынан өндүрүштүк багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |