Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 181
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445 "Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордо корпоративдик башкаруу маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445 "Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордо корпоративдик башкаруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо жана көрсөтүү тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункттун үчүнчү абзацы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |