Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезексиз ХXXV сессиясы

 

2023-жылдын 22-августу № 35/1

«Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнундө

Көк-Жаңгак шаардык кенештин депутаттарынын сунуштарынын негизинде «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө карап талкуулап, чыгып Көк-Жангак шаардык кенештин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXV- сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Кок-Жангак шаарынын 80-жылдык мааракесинин урматына социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон зор салымы, элдин сый урматына татыган жана коомчулуктун арасында кадыр-баркка ээ болуп, үзүрлүү эмгеги үчүн «Көк- Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:

- Садыков Замирбек Каныбекович-жеке ишкер;

- Ахмедова Хасият Насыровна – пенсионер.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык

кеңештин төрагасы:

 

З. Байдавлетов