Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган
Тамчы айылдык Кенешинин кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 09-февралындагы № 8
Тамчы турак жай коммуналдык чарбасы муниципалдык ишканасына бөлүнгөн акча каражаты жөнүндө
Тамчы турак жай коммуналдык чарбасы муниципалдык ишканасына 2023-жылы бөлүнгөн акча каражаты боюнча депутаттар карап, талкууга алгандан кийин, Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылы Тамчы турак жай коммуналдык чарбасы муниципалдык ишканасына жазгы айдап себүү иштерине даярдык көрүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн акча каражаты кайтарымсыз деп табылсын жана 2024-жылдын жазгы айдап-себүү иштерине техникаларга шаймандарды алуу Тамчы турак жай коммуналдык чарбасы ишканасынын каражатынан камсыздалсын.
2. Токтомду аткарууга алуу Тамчы турак жай коммуналдык чарбасы ишканасынын жетекчиси Сагынаалиев Бексултан Сагынаалиевичке милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага Э.А.Мамбетов