Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-ноябры № 20
Сары-Булак айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жана зоналдык коефициентти кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-5 бөлүгү, 37-беренесинин 3-бөлүгү жана 2022-жылдын 18-январындагы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» №4-мыйзамынын 3- беренесинин 2- бөлүгүнүн негизинде Сары-Булак айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкү мүлк салыктары киргизилсин:
- Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы.
- Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы.
- Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы.
- Турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгы.
- Турак жай эмес имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгы.
- Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык.
2. Айыл аймагында экономикалык пландалуучу зоналар үчүн айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн,зоналдык коефициент-1,6 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы (Э.М.Музакеева) бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, Юстиция Министерствосуна Мамлекеттик Реестрине кигизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Э.Б.Караевага жүктөлсүн.
Сары-Булак айылдык Кеңештин төрөгасы |
Мааткеримов К.М. |