ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган
Тамчы айылдык Кенешинин кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 14-февралындагы № 2
Тамчы айыл Аймагынын 2024-жылдын бюджетиннин чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” VIII-бөлүмүнүн 78-беренесине ылайык Тамчы айыл Аймагынын 2023-жылдын бюджетин жана 2024-2025-жылдардын бюджетинин долбооруна карата жергиликтүү бюджетин карап, талкуулап чыгып Тамчы айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Бектурсунова Венера Айилчиевнанын долбоору алымча-кошумчасы менен кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышы Тамчы айыл Өкмөтүнүн башчысы Бейшембиев Фархад Кожокматовичке жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Бектурсунова Венера Айилчиевнага милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом масссалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага Э.А.Мамбетов