Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
I-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2024-жылдын15-апрелиндеги №7
Жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актыларын
мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобонун” 6-пунктуна ылайык айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймактагы көпчүлүк адамдар мамлекеттик тилди билгендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Теплоключенка айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 2015-жылдын 15-июлундагы 29-сессиясында кабыл алынган №45 “Айылдык кеңешинин ченемдик укук актылары мамлекеттик тилде гана кабыл алууга боло тургандыгы жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаттык этика, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Н.Сатаровага жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков