Редакцияот 17.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши

 

ТОКТОМ

 

I-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

 

2024-жылдын 17-апрелиндеги №16

 

Кыдыр Аке айыл аймагында “Ак-Суу айыл чарба”

муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 9-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыдыр Аке айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып,  айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат: 

1. Кыдыр Аке айыл аймагында “Ак-Суу айыл чарба” муниципалдык ишканасын ачууга макулдукберилсин. 

          2. “Ак-Суу айыл чарба” муниципалдык ишканасынын уюштуруу иш кагаздарын даярдоо жагы жана жетекчисин дайындоо маселеси айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

          3. Муниципалдык ишкананы мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы ишкананын жетекчисине жүктөлсүн.  

          4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.

          5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                     А.И.Алмабеков