Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2024-жыл 19-апрель №8

 

«Абды Суеркулов айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасын карап чыгуу, макулдук берүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Абды Суеркулов айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Абды Суеркулов айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын IV сессиясы токтом кылат:

1. Абды Суеркулов айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Абды Суеркулов айылдык кеңешинин төрагасына жана Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык www.torken.gov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

 

Төрага

 

Н.Мамбетов