Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 4-апрели № 07

Кара-Балта шаарынын 2023-жылга карата СЭӨП аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө жана Кара-Балта шаарынын 2024-жылга карата СЭӨП планын бекитүү жөнүндө

Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновдун “Кара-Балта шаарынын 2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү программасынын жыйынтыгы жана Кара-Балта шаарынын 2024-ж., социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө” отчетун угуп, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновдун “Кара-Балта шаарынын 2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү программасынын жыйынтыгы жөнүндө отчету эске алынсын (1-тиркеме).

2. Кара-Балта шаарынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилсин (2-тиркеме).

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Кеңештин төрагасы

М. Дуйшеналиев