ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-январы № 65/XXI-28
Логвиненково айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
ФЭОнун башчысы З. Б. Акаеванын «2023-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө, сунушталган 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып.
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Логвиненко айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджети 19949,7 миң сом, анын ичинде атайын эсеп 1200,0 миң сом бекитилсин.
2. 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү, киреше булактарынын түшүүлөрүнүн эсебинен түзүлөт. № 1 тиркемеге ылайык. Чыгашаларды каржылоого каражаттар № 2 тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Чыгашаларды каржылоо корголгон статьялар боюнча (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр) артыкчылыктуу тартипте, ал эми иш жүзүндө алынган кирешенин чегинде жүргүзүлөрү белгиленсин. Корголгон чыгаша статьялары штаттык бош орундарга байланыштуу кыскартылышы мүмкүн.
4. Логвиненко айыл өкмөтүнүнүн башчысына 199,0 миң сом өлчөмүндө резервдик фонд түзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик туруктуу комиссиясына жана ФЭОнун башчысы З. Б. Акаевага жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |