КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 25-январы № 19-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Европа жана Борбордук Азиянын Кыргыз Республикасы менен туруктуу транспорттук байланышынын контекстинде транспорт секторун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн берилген финансылык каражаттар боюнча Кыргыз Республикасы менен Евразия инвестициялык банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун расмий тилдеги долбоору (расмий эмес котормо) жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э.Торобаевге жогоруда аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |