Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Көл шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы

 

2024-жыл 29-март №160/34-8

 

«Шаардык бюджеттин 2023-жылдын жыйынтыгы менен бош калган, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө»

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-бөлүкчөсүнө ылайык Кара-Көл шаардык бюджеттин 2023-жылдын жыйынтыгы менен бош калган, үнөм каражаттарын каржылоо жөнүндө шаардык кеңештин 14.04.23-ж. №129/27-8, “Кара-Көл шаарынын 2023-жылга шаардык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” 14.04.23-ж. №130/27-8 сандуу токтомдорун аткарууда 2023-жылдын жыйынтыгы менен шаардык бюджетте бош калган, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэри Т.Т.Конкобаевдин шаардык кеңешке жолдогон 07.03.24-ж. №01-20/1292 чыгыш сандуу катынын негизинде Т.Т.Конкобаевдин билдирүүсүн, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Н.Кыргызалиевдин кошумча маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XXXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Көл шаардык кеңештин 2023-жыл ичинде тиешелүү токтомдорун аткаруунун жыйынтыгы менен шаардык бюджетте бош калган, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэри Т.Т.Конкобаевдин билдирүүсү, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Н.Кыргызалиевдин кошумча маалыматы эске алынсын.

2. Шаардык бюджетте 2023-жылдын жыйынтыгы менен (3 196,3 миң сомдук атайын каражатты эске албаганда) пайда болгон 76 767,6 миң сомдук бош калган, үнөм каражаттын эсебинен шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин 2023-жылдын 1-январына пайда болгон 12 790,7 миң сомдук кредитордук карыздарды жана 63 976,9 миң сомдук бош калган, үнөм каражаттарды Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренесинин 4-пунктунун талабынын негизинде 1,2,3 тиркемелерге ылайык мыйзам чегинде каржылануусу бекитилсин жана аталган каражаттар шаардык 2024-жылдын бюджетинде эске алынып, шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин бюджетине тиешелүү тактоо (“уточнение”) бюджеттик комиссиянын макулдугу менен киргизилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 103-беренесинин 1,3-пунктунун талабынын негизинде шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Н.Кыргызалиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Ч.А. Кимсанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

тиркеме 1

Бекитилди:

Кара-Көл шаардык кеңештин

29.03.2024-ж. №160/34-8 токтому менен

 

Кара-Көл шаардык 2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн такталган план боюнча аткарылышы

Аталышы

2023-жыл

%

айырма

анын ичинде

Такт. план

Факт

 

 

Такт. план

Факт

Жыл башындагы калдык каражат

59740,8

59740,8

100,0

0,0

2768,1

2768,1

Кирешелер атайын каражатсыз

239871,3

244404,0

101,9

4532,7

 

 

Кирешелер

259727,4

264396,3

101,8

4668,9

19856,1

19992,3

Максаттуу транцферт

1620,9

1620,9

100,0

0,0

 

 

Айлык акынын которулушу

 

 

#ДЕЛ/0!

0,0

 

 

 

 

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

0,0

 

 

Активдер жана милдеттенмелер

3367,0

3367,7

100,0

0,7

 

 

Атайын каражаттар

17088,0

17224,2

100,8

136,2

17088,0

17224,2

Жергиликтүү салыктар атайын каражатсыз

177910,7

182442,7

102,5

4532,0

 

 

Х

 

 

 

 

 

 

Чыгаша бөлүгү

259727,4

184432,4

71,0

-75295,0

19856,1

16796,0

Мамлекет. кызмат

50786,8

46975,0

92,5

-3811,8

628,9

 

Коргоо

1901,7

1567,5

82,4

-334,2

 

 

Коомдук тартип

 

 

 

0,0

 

 

ШММБ

168980,9

101660,5

60,2

-67320,4

6028,4

6000,0

Маданият бөлүмү

17215,8

16159,1

93,9

-1056,7

188,7

158,9

Билим беруу бөлүмү

18206,3

15434,5

84,8

-2771,8

13010,1

10637,1

Соц. өнүгүү башкармалыгы

2635,9

2635,8

100,0

-0,1

 

 

Жылдын жыйынтыгы менен калдык каражат а.и

0,0

79963,9

 

 

 

3196,3

1. бюджеттик каражаттар а.и

 

76767,6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2. Атайын каражаттар

 

3196,3

 

 

 

3196,3

 

 

 

 

Жооптуу катчы

 

К.И.Нурматова