Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 16-ноябры ПТ № 223
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 43 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссияларга көмөк жана методикалык жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 11-октябрындагы № 199 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссияларга көмөк жана методикалык жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн инспектору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун эксперти;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын бөлүм башчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын мэри;
Ош шаарынын мэри;
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин биринчи орун басары.".