Редакцияот 04.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы

 

2023-жылдын 4-апрели № 19-4

Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы  көчөлөрдүн  атын өзгөртүү жөнүндө 

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы, күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы   көчөлөрдүн атын өзгөртүү” жөнүндөгү маселелер боюнча, айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук  уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын”2023-жылдын 26-январындагы жана 20-февралындагы отурумундарынын  № 1 жана  2- протоколун карап  чыгып, талкуулап  токтом кылат:

1.Айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук  уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын2023-жылдын 26-январындагы отурумунун № 1- протоколунун  чечими бекитилип,  Ишкаван айылдагы Барсбек атындагы көчөнүн аты  Жутанов Токтоназар ажы атындагы көчө деп  өзгөртүлсүн.

2. Айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук  уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын2023-жылдын 20-февралындагы отурумунун 2-протоколунун  чечими бекитилип,  Ишкаван айылдагы   Карл Маркс атындагы көчөнүн акырындагы кичи көчө Абдырахманов Кожомберди атындагы  көчө деп  өзгөртүлсүн.

3.  Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук  уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы

Д.Д.Рахманова