Редакцияот 25.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 25-январы № 70/XXI-28

№ 5 бала бакчада тамактануу үчүн ата-энелердин төлөмүн жогорулатуу жөнүндө

№ 5 бала бакчанын директору Р.А.Адылбекованын 2023-жылдын 1-февралынан баштап бала бакчадагы тамак-аш акысын ата-энелерден 90 сомго чейин көтөрүү өтүнүчү менен катын карап, талкуулап, пикир алмашуудан кийин:

Логвиненко айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу тамак-ашка ата- энелердин төлөмү күнүнө 90 сомго көтөрүлсүн.

 

2.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы No5 бала бакчанын директору Р.А.Адылбековага жүктөлсүн.

 

Логвиненко айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. М. Жонгучкаев