Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 4-апрели № 19-6
Айыл аймагындагы суу скважиналарын, аларга тийиштүү жер тилкелери менен айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы, айыл өкмөтүнүн 23.03.2023-жылдагы, “Таза суу таңкыстыгына байланыштуу Кызыл-Кыштак айылынын Бостон участкасындагы мурдагы скважинанын 0,03 га, С.Гаипов көчөсүндөгү 0,04 га, шыйпаңдагы скважинанын 0,03 га жана У.Рахманов көчөсүндөгү 0,03 га жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу боюнча, сессиядап карап берүүнү суранганды жөнүндөгү”, чыгыш № 329 сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 30.03.2023-жылдагы отрумунун № 2-протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
Айылдык кеңештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына комиссиясынын30.03.2023-жылдагы отурумунун № 2- протоколунун чечими бекитилип:
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы бардык скважиналар жана аларга тийиштүү жер аянттары (мурдатан иштеп келе жаткан скважиналар: Бостон участкасындагы скважина - 0,03 га, шыйпаңдагы скважина - 0,04 га жана жаңыдан курулуучу У.Рахманов көчөсүндөгү скважина - 0,03 га жана башка бардык аныкталып такталган скважиналар) айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Кызыл-Кыштак айылынын С.Гаипов көчөсүндөгү скважина үчүн берилүүчү сугат айдоо 0,03 га үлүш жер аянтын трансформациялоого сунушталсын жана тийиштүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Д.Д.Рахманова |