Редакцияот 17.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XXXIII сессиясы

2024-жылдын 17-апрели № 197/33-5

Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан “Ислам академиясы” мекемесинин жер тилкесин (идентификацыялык код: №7-10-08-0055-1283), имараттары жана курулуштары менен Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 11-апрелиндеги №1-22/1131 кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан “Ислам академиясы” мекемесинин жер тилкесин (идентификацыялык код: №7-10-08-0055-1283), имараттары жана курулуштары менен Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.М. Сансызбаев