КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 4-апрели № 19-10
Айылдык кеңештин, “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына келген кайрылуулар боюнча отурумунун протоколун бекитүү жөнүнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы, күн тартибиндеги: Айылдык кеңештин, “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына келген кайрылуулар боюнча отурумунун протоколун бекитүү жөнүнүндөгү“ маселедеги: Айыл өкмөтүнүн 19.01.2023-жылдагы чыгыш № 51 сандуу катындагы, “№ 98-М.Маматалиев атындагы мектепке, ”Мерсико” уюму тарабынан каржылануучу долбоорго айыл өкмөтүнүн салымы катары смета боюнча акча каражатын ажыратуу жана айыл өкмөтүнүн 26.12.2022-жылдагы чыгыш № 02-16/1255 сандуу катындагы” жана “Саткынай-апа” бала бакчасына эмеректерди сатып алууга 454,0 миң сом каражат сурап жазган кайрылуусу жөнүндөгү” маселелер боюнча, Кызыл-Байрак айылына ажыратылган 400,0 миң сомго кошумча 13,0 миң сом кошуп, “Мерсико” уюму тарабынан каржыланып жаткан долбоорду колдоого айыл өкмөтүнүн салымы катары М.Маматалиев атындагы мектепке 413,0 миң сом каржылоо жана “Саткынай апа” балдар бакчасына жабдууларды жана эмеректерди сатып алууга смета боюнча 313,0 миң сом каржылоо боюнча туруктуу комиссиянын 30.03.2023-жылдагы отурумунун № 2-протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
Айылдык кеңештин, “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясынын 30.03.2023-жылдагы отурумунун № 2-протоколунун чечими бекитилип, төмөндөгү иштерге түзүлгөн сметалардын негизинде каржылансын:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы № 98-М.Маматалиев атындагы мектепке, ”Мерсико” уюму тарабынан каржылануучу долбоорго, айыл өкмөтүнүн салымы катары смета боюнча 413,0 миң сом акча каражаты каржылансын.
2. Кызыл-Байрак айылындагы “Саткынай апа” балдар бакчасына жабдууларды жана эмеректерди сатып алууга смета боюнча 313,0 миң сом акча каражаты каражаты каржылансын.
3. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин, “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Д.Д.Рахманова |