Редакцияот 17.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XXXIII сессиясы

2024-жылдын 17-апрели №198/33-5

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1,0 млрд. сом өлчөмүндө каражаттарды, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу алкагында түзүлгөн 2024-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 11-апрелиндеги №1-22/1142 кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1,0 млрд. сом өлчөмүндө каражаттарды, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу алкагында түзүлгөн 2024-жылга иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.М. Сансызбаев