Редакцияот 17.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XXXIII сессиясы

2024-жылдын 17-апрели №199/33-5

Токмок шаарынын 1-кичи району, 24-үй, 1-батир дарегинде жайгашкан батирди, 8 баланын жалгыз бой энеси Бакалова Айжан Кубанычбековнага жеке менчикке акысыз түрдө берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 11-апрелиндеги №1-22/1134 кайрылуусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.Токмок шаарынын 1-кичи району, 24-үй, 1-батир дарегинде жайгашкан батирди, 8 баланын жалгыз бой энеси Бакалова Айжан Кубанычбековнага жеке менчикке акысыз түрдө берүүгө макулдук берилсин.

2.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.М. Сансызбаев